Биз менен байланышыңыз

Болот Темировдун иши боюнча жарыш сөз угулууда

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 167 | 0

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү угулууда.

Соттук отурумга судья Адис Момуналиев төрагалык кылып жатат. Жарыш сөзгө адвокат Замир Жоошев чыгып, тергөө тарабынан коюлган айыптар негизсиз экенин айтууда.

Журналист өзүнө «жалган жалаа жапты» деген негизде президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди сотко берерин айтты.

27-октябрда Башкы прокуратура Болот Темирого карата райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан ага карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу Темиров акталган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Жалпысынан Болот Темировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо», 378-берене «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү», 379-берене «Документтерди жасалмалоо» боюнча иш козголгон.

22-январда күч органдары анын иштеген кеңсесин тинтүүгө алышып, андан кийин өзүн кармап кетишкен жана кеңседеги компьютерлерди алып кетишкен. Ага чейин журналисттер иштеген жерге кирип келген беткапчан кызматкерлер Болот Темировдун чөнтөгүнө баңгизатын салып коюшканы айтылган. Кийин журналисттин канынан эч кандай баңгизаты табылган эмес.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналистерге берген маалымат жыйынында журналист Болот Темировду куугунтуктоо ою жок экенин билдирген. Ал саясатта жүргөндөн бери 20 жылда бир да журналистти сотко бербегенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM