Биз менен байланышыңыз

Депутатты кабинетинен мыйзамсыз чыгарган Усенованы кызматтан алуу сунушталды

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 1125 | 0

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Президенттин иш башкармалыгынын орун басарынын депутат Өмүрбек Бакировго кылган мамилесин сынга алды.

Анын айтымында, депутаттын статусу тууралуу беренеде депутаттын турак-жай, кызматтык жайы текшерүүгө жатпайт.

«Биз мыйзамдын чегинен чыгып кетип жатабыз. Кат жөнөткөндөн кийин күтүп туруш керек болчу, бирок алар андай кылбай, биздин депутаттын кабинеттеги бардык буюм-тайымдарын сыртка алып чыгып таштап койду. Урматтуу депутаттар, бул жерде биз өзүбүздү өзүбүз сыйлабастык болуп жатат. Өткөндө кесиптешим Нуржигит Кадырбеков «токсонубузду алдыга салып алып эле кууп кетип жатат» деп жакшы айтты эле. Мындай болбойт» , — деди Икрамов.

Ошондой эле ал Президенттин иш башкармалыгынын орун басары Усенованы кызматтан алууну сунуштады.

Мындан сырткары Икрамов депутаттарды сүйлөтпөй коюу, элди сүйлөтпөй коюуга барабар экендигин белгилеп,  депутаттарды талап коюуга чакырды.

Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен айтыша кеткенден кийин, анын кабинетин Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери уруксаты жок ачып кирип, буюмдарын чыгарып салышкан. Ошондой эле депутатка кат жолдошкон.

Copyright © 2017 Maral FM