Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов дүйнө салды

Кыска кабар | 23 Ноя 2022 | 351 | 0

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жаназасы бүгүн, 23-ноябрь күнү түшкү намаздан кийин Бишкек шаарындагы «7 апрель шейиттери» мечитинде окулат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Кимсанбай Абдурахманов 82 жашында дүйнө салды.

Кимсанбай Абдурахманов 1940-жылы Өзбекстандын Фергана облусундагы Жанабад айылында кыргыз үй-бүлөдө туулган. Мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесине кирген. 1976-1980-жылдары Иорданиядагы Үрдүн мамлекеттик университетинин Шарият факультетин аяктаган. 1990-1992- жылдары Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы болуп иштеген.

1992- жылы август айында Кыргызстан мусулмандарынын биринчи курултайы чакырылып, диний башкарма түзүлүп, алгачкы муфтий болуп Кимсанбай Абдурахманов дайындалган.

1994-жылы Азирети муфтий Кимсанбай ажынын аракети менен Сауд Араб Падышачылыгындагы Ислам Банкы борбордук мечиттин жанындагы чоң имаратты сатып алып берди. 1996-жылы Кимсанбай ажы Кыргызстан мусулмандарынын Диний Башкармасын жана «Азрети Умар» институтун (учурдагы Гоголь-57 дарегиндеги имарат) көчүрүп киргизди. Азыркы мезгилде дагы дал ушул имаратта Диний Башкармалык жана Кыргызстан Ислам университети иштеп келе жатат.

Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракеттери менен 1990-жылга чейинки Кыргызстандагы 36 мечиттин саны үч миңден ашты. «Азирети Умар» Ислам институтунда Мисрден келген араб мугалимдер араб тилинен сабак бере баштады. 1996-жылдын декабрында Кимсанбай ажы Кыргызстандын Муфтийи кызматынан алгачкы жолу бошоду.

Ал эми 2000-жылдан 2002-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай ажы экинчи жолу Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи болуп кызмат кылды. 2002-2007-жылдары Кимсанбай ажы Бишкек шаарындагы Махмуд Кашкарий мечитинде имам-хатиб болуп иштеди. 2008-жылдын апрелинен баштап Бишкек шаарындагы жаңы курулган «Мусакан төрө» мечитинде имам-хатиб (башкы имам) болуп үзүрлүү кызмат кылды. Муну менен катар тажрыйбалуу инсан, кызматкер катары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп бир топ жыл үзүрлүү эмгектенип келди.

Copyright © 2017 Maral FM