Биз менен байланышыңыз

Жапаров Индонезиянын президентине көңүл айтты

Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 284 | 0

Президент Садыр Жапаров Индонезиянын президенти Жоко Видодого Ява провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Ява провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

Инзонезиянын Ява аралында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөдөн 250дөн ашык адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү жана чет элдик басылмалар жазышты. Кырсыктан 300дөй адам жабыркады.

Жер титирөөнүн очогу баш калаа Жакартадан 74 чакырым түштүк-чыгышты жайгашкан.

Мерт кеткендердин көбү жаш балдар. Окуя болгон учурда балдар ар кандай билим берүү уюмдарында болушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM