Биз менен байланышыңыз

Техпаспорт жана айдоочулук күбөлүктү телефондон көрсөтүүнүн жол-жобосу

Коом | 22 Ноя 2022 | 1128 | 0

Министрлер кабинети санариптик документтерди кагаз документтерине теңеп, аларды өлкөнүн бардык аймагында юридикалык жактан маанилүү деп тапты.⠀

Эми жарандар «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга электрондук документтерди көрсөтө алышат.

Мобилдик тиркемени колдонуунун жол жобосу, документтердин тизмеси тууралуу жана жаңы системага жарандардын пикирлерин угуп көрдүк.

Бишкек шаарынын тургуну Фарида Кемелова паспортун жоготуп алып кайра жасаткан. Ал паспорт жана айдоочулук күбөлүктү дайыма жанына алып жүрүү ыңгайсыздык жаратарын айтып, электрондук система зарыл экенин айтат.

“Паспортту жоготуп алып кайра жасаткам. Анан дагы эки жолу айдоочулук күбөлүгүмдү үйдө унутуп штраф стоянкага кирип кеткен болчум. Азыр эми телефондон эле көрсөтүп койсо болот турбайбы. Башка өлкөлөр мындай санариптешүүгө эчак эле өтүшкөн. Бизге дагы ушундай жеңилдетилген жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканы кубандырат.”

Жашоочулардын бири Абай Мырзабеков айдоочулук күбөлүгүн жана унаанын техникалык паспортун үйүндө унутуп койгон учурлары көп болот. Эми электрондук документтерди пайдалануу менен жашоо бир топ жеңилдейт деген ойдо.

“Мен жер үйдө жашагандыктан, кокус бир нерсе болуп кетпесин деп, күнүгө кечинде документтеримди унаамдан чыгарып үйгө алып кирип коем. Анан эртең менен шашып каласында, балдарын да ыйлап, ызы-чуу болуп, көп жолу документтерди үйдө калтырып кетип калган учурларым болгон. Анан кайра үйгө келиш керек. Эми документтерди телефон аркылуу көрсөтсөк болот турбайбы. Сонун нерсе экен. Колдойм. Жакшы болду мен үчүн.”

Эми Кыргызстандын аймагында жарандар документтерин телефондон эле көрсөтсө болот. Санариптик документтер юридикалык мааниге ээ деген чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.

Бул үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемесин көчүрүү керек. Азырынча тиркемеде паспорт, айдоочулук күбөлүк, унаанын каттоо күбөлүгү бар. Жакынкы убакта башка документтер да кошулат.

Санариптик документ процессинин коопсуздугу жогору экенин “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Чыңгыз Аманатов айтты. Ал санариптик документтерди колдонуунун жол жобосун мындай түшундүрүп берди:

“Санариптик документти колдонуу үчүн жаранга төмөнкүлөр керек:

  • Идентификациялоонун бирдиктүү системасында авторизациядан өтүү керек (Калкты тейлөө борборунан булуттук (облачная подпись) электрондук кол тамганы акысыз алуу зарыл);
  • Телефонуңузга AppStore же PlayMarketтен «Түндүк» мобилдик тиркемесин көчүрүп алуу керек;
  • Булуттук электрондук кол тамга аркылуу мобилдик тиркемеге кирүү;
  • «Санариптик документтер» бөлүмүнө өтүү.

Аталган кадамдарды жасаган соң жарандын санариптик документтери автоматтык түрдө эле чыгып калат.”

“Сафари” кыймылынын өкүлү Эртай Искаков санариптик документтерди пайдалануу жарандарга ыңгайлуу болорун белгилейт. Анын айтымында, жарандар документтин өзүн көтөрүп жүрбөй, электрондук түрүн колдоно берсе болот. Бул кайгуул кызматынын инспекторуна да ыңгайлуу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн бир жагы жоюлат.

“Кыргызстандын булуң бурчунда интернет жакшы иштейт. Ар бир жаранга жеке булуттук кол тамга берилет экен. МАИ кызматкерлерине да өздөрүнүн аппараттары менен текшерүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Муну менен коррупцялык механизмдердин бир бөлүгү жоюлат. Себеби айдоочулардын көбү документтерин үйдө унутуп калса инспекторлорго пара берип кетип калып жатышпайбы, ал эми мында акча бербей калат. Буга чейин айдоочулардын документтери жанында жок болсо дароо штраф стоянкага киргизе турган мыйзам кабыл алынган. Айдоочулар эми кыйналбайт. Мен оюмча сонун нерсе”.

Акыркы 5-6 жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Бул демилге 5 жыл мурун көтөрүлүп ишке ашпай келе жаткан. Эми 18-ноябрда чыккан чечим 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM