Биз менен байланышыңыз

Алайда памирлик кыргыздарга үй куруу үчүн 10 млн сом бөлүнөт

Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 248 | 0

Алайда памирлик кыргыздарга үй куруу үчүн 10 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү Алай районунун Талды-Суу айылына барганда айтылды.

Депуаттар Ооганстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын абалы менен таанышып кайтты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын маалыматы боюнча, учурда памирлик кыргыздардан 17 түтүн бар, анын ичинен 35 бала жөлөкпул, эки киши пенсия алат. Мектеп жашындагы жана андан улуу курактагылар билим алууга тартылган.

«Муну менен катар памирлик кыргыздар үчүн жалпы 95 турак-үй куруу пландалган. Бул үчүн Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бурган-Суу айылынан 60 гектар жер аянты трансформацияланып, башкы план даярдалган. Курулушту баштоо үчүн быйыл министрликтен 10 миллион сом которулуп берилген», — деди Жылдыз Полотова.

Ооганстандагы Кичи жана Улуу Памирдеги кыргыздарды алып келүү аракети 2017-жылы башталып, Нарын облусуна 50 түтүн көчүрүлгөн. Алардын айрымдары бир жылдан соң кайра Ооганстанга кайтып, калган үй-бүлөлөр 2019-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районуна жайгаштырылган.

Былтыр апрель айында президент Садыр Жапаров Алай районундагы Талды-Суу айылына Кичи жана Чоң Памир аймактарынан көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушкан. Ал этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга жер бөлүнгөнүн маалымдаган.

Памирлик кыргыздар менен болгон баарлашууда Жапаров калган афган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин өз мекенине көчүрүү ниети жөнүндө айтып, бул үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар экенин билдирген. 

Copyright © 2017 Maral FM