Биз менен байланышыңыз

Тамеки жана никотин камтыган продукцияга чекене баалар белгиленди

Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 253 | 0

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы токтому менен тамекиге жана никотин камтыган продукцияга  минималдуу чекене баалар белгиленди.

Токтомго ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тарта акциздик товарлардын төмөнкү түрлөрүнө чекене баалар киргизилет:

-чыпкалуу жана чыпкасыз тамекилер – 20 даанасы үчүн 100 сом. Колдонуудагы минималдуу чекене баа – 20 даана тамеки үчүн 90 сом;

-цилиндр формасындагы ысытуучу тамекиси бар заттар (ысытуучу тамеки таякчасы (стик), тамекиси бар ысытуучу капсула) – 20 даана үчүн 100 сом;

-бир корпустагы никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолку колдонулуучу электрондук системасы – 1 бирдик үчүн 250 сом. Бул сумма 2024-жылдын 1-январынан тартып 300 сомду түзөт;

-электрондук сигареттер жана буга окшош жеке электр буулантуучу түзүлүштөр (никотин жеткирүүнүн электрондук системасы) – 1 бирдик үчүн 1300 сом. Бул сумма 2024-жылдын 1-январынан тартып 100 сомго көбөйөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM