Биз менен байланышыңыз

Чет элдиктер билим алып жаткан медициналык окуу жайлар үчүн эрежелер өзгөрдү

Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 327 | 0

Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардан билим алууну каалаган чет элдиктер мындан ары эл аралык программалык аккредитациядан өткөн гана окуу жайларына кабыл алынат.

Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документке ылайык, мындай чара медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын мамлекеттик дипломдорун таанытуу максатында кабыл алынууда.

Тышкы иштер министрлиги Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан аккредитацияланган чет өлкөлүк агенттиктерде үч жылдан кем эмес мөөнөткө эл аралык программалык аккредитациядан өткөн медициналык жогорку окуу жайларына гана окууга жиберилген абитуриенттерге жана студенттерге окуу визаларын берүүнү камсыз кылат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM