Connect with us

23-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 22 Ноя 2022 | 293 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

23-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;

Бишкекте 23-ноябрда жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +12…+14 градус болот.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM