Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда казинолор качан ачыла турганы айтылды

Кыска кабар | 21 Ноя 2022 | 626 | 0

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өлкөдө казино ачууга лицензия алуу үчүн үч арыз келип түшкөнүн билдирди.

Анын айтымында азырынча лицензия бериле элек, себеби бюджетке каражат түшө элек.

Азыркы тапта санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын жарандарын оюн-зоок жайларына өткөрүүгө жол бербей турган система иштелип чыгууда. Ал жеке идентификациялык номер менен байланыштырылат.

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кошумчалагандай, ведомство 4,5 миллион адамдын документтерин санариптештирген жана паспорт алган 3 миллион жаран казиного кире албай калат.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы программаны иштеп чыкты. Аны орнотуу үчүн эки онлайн казино компаниясы кайрылган.

«Банк тармагынын инфраструктурасы калды. Биз аны жакын арада иштетип бүтөбүз», — деп кошумчалады министр.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз кезегинде казинолор жаңы жылда ачыла баштай турганын болжолдоду.

Copyright © 2017 Maral FM