Өлкөдө өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөөдөн өткөрүүгө каршы чыккандар көбөйүүдө. Ата-энелер вакцина тукумсуздукка алып келет деп кооптонуп жатышат. Айрым дарыгерлер да папилломага каршы эмдөөдөн өтүү зарыл эместигин айтышууда. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги, ошондой эле врачтар да эмдөөдөн өтүүнү маанилүү деп эсептешет. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 100 миңден ашык өспүрүм кыз эмдөөдөн өттү. Учурда аймактарда папилломага каршы вакцина алуу уланууда.
Кыргызстанда өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө 14-ноябрда башталган. Бирок коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып, эмдөөгө каршы чыккандардын саны да өсүүдө. Алардын бири Ош облусунун тургуну Сабира Султанова 13 жаштагы кызын эмдөөдөн өткөрүүгө каршы.
«Менин кызым 13 жашта. Папилломага каршы вакцинаны алдырбайм. Мектептен алгыла деп мугалимдер айтып жатышат. Бирок мен алдырбайм. Мен каршымын. Айрым классташ кыздары алдырып жатат. Айрымдары алган жок. Кийин бир нерсе болсо, эч ким жоопкерчилик албайт. Тукумсуздукду пайда кылат деп да жатышат. Ошондуктан мен кызымды эмдөөдөн өткөрбөйм».
Адамдын папиллома вирусу – жыныстык жол аркылуу жугуучу, организмге түшөрү менен ар кандай ооруга алып келүүчү инфекциялардын бири.
Папиллома вирусу – бул жалпы аталышы. Ал ичине 27 түрдүү вирусту жана алардын 200дөн ашык түрүн камтыйт.
Папиллома – теринин эпителий катмарында, органдардын былжыр челдеринде, тактап айтканда, кекиртек, ооз, көз жана жыныс органдарда өсө турган өсүндүлөр. Эл арасында буларды “сөөл” деп көп айтышат. Алардын өлчөмү 1-2 сантиметрден ашпайт.
Терапевт Гүлсана Бапаеванын айтуусунда, вакцинаны канды тазалагандан кийин гана алуу керек. Ал папилломага каршы эмдөөдөн өтүү зарыл эмес деген ойдо.
«Вакцина деген ооруну козгогучтун жарым өлгөн түрүнөн жана калган калдыктардан жасалат. Биз аны кадимкидей ылай десек болот. Ал эми ылай деп эрибей калган майларды, биз жеген эрибей калган белоктор, өлбөй калган микробдор жана микробдордун чыгарган заңы кан үчүн ылай, таштанды болот. Кандын ичинде ылай турган болсо, дагы бир ылайды кошсок, организм көтөрө алабы деген суроо туулат. Мен кандын ичи таза болсо, каршы эмесмин. Ал эми вакцинаны канды тазалап гана алуу керек. Мен алгыла же албагыла деп айта албайм».
Ал эми онкогинеколог Чолпон Авасова канды тазалагандан кийин гана вакцина алуу керек деген пикирди четке кагат. Ал өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөөдөн сөзсүз өткөрүү керектигин түшүндүрдү. Вакцина алуу тукумсуздукка алып келбейт.
Дарыгер элди ар кандай туура эмес маалыматтардан алыс болууга чакырды.
«Бул вакцинаны сөзсүз түрдө алыш керек. Билип, билбеген эле врачтар калп эле маалымат таратып жатышат. Мунун айынан карапайым калктын арасында түшүнбөстүктөр, туура эмес пикирлер жаралып жатат. Мисалы, Канада, Америка, Улуу Британияда жатын моюнчасынын рагы 70 пайызга азайды. Буга вакцинадан өтүү себеп болгон. Бул вакцинаны чыгарган адамдар Нобель сыйлыгын алышты. Тукумсуздукка алып келет деген да жаңылыштык пикирлер айтылууда. Тукумсуздукка алып келбейт. Бардык өспүрүм курактагы кыздар ала беришет. Бир гана температура, талма, башы катуу айланган убакта алууга болбойт».
Эмдөө учурда мектептердеги медициналык пункттарда акысыз жүргүзүлүүдө. 2022-2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да АПВ вакцинасы сайылат. Вакцина 6 айлык аралык менен эки жолу берилет. Бул вакцина ийиндин булчуңуна 0,5 мл дозада гана сайылат.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун врач -эпидемиологу Нуржан Замирбекова бүгүнкү күндө өлкө боюнча 104 миң 909 өспүрүм кыз эмдөөдөн өткөнүн билдирди. Учурда аймактарда эмдөө уланууда.
«Кыргызстандын аймактарында жашаган өспүрүм кыздар вакцина алып жатышат. Кыргызстанда жыл сайын 600дөй адам бул ооруга чалдыкса, алардын 300гө жакыны өлүмгө дуушар болууда. Вакцина жылдын аягына чейин жүргүзүлөт. Вакцина эки дозадан турат. Аралыгы алты ай. Азыркы учурда биринчи дозасын алып жатышат. Окуу жылдын аягында экинчи дозасын алышат. Учурда ар бир облуста эмдөө иштери жүргүзүлүп жатат».
Өлкө боюнча 11-14 жаштагы 200 миңден ашуун кызды эмдөөдөн өткөрүү пландалууда. Ракты козгоочу папиллома вирусуна каршы вакцинаны сатып алууга эл аралык уюмдар жардам берүүдө.
Эмдөөнүн бул түрү дүйнөдө 2006-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата папиллома вирусуна каршы вакцина 112 өлкөнүн эмдөө боюнча улуттук календарына кирген.