Биз менен байланышыңыз

Жаңы-Пахта: кыргыз тилинде тейлөө көрсөтпөгөн мамкызматкердин мамилеси

Коом | 21 Ноя 2022 | 1284 | 0

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндөгү окуя интернет булактарында талкууга алынды. Видеотасмада айыл өкмөттүн кызматкери жергиликтүү тургунду орус тилинде сүйлөөсүн талап кылып жатканын көрүүгө болот. Мындан улам, мамлекеттик тилдин абалы тууралуу маселе көтөрдүк. Айрымдар орус тили өлкөдө расмий тил деп таанылганын жүйө келтирип, мамлекеттик тилге анчейин маани беришпейт. Кээ бирлери мамлекеттик кызматкер кыргыз тилинде сүйлөп кызмат көрсөтүшү керек дешет.

Мыйзам боюнча, мамлекеттик кызматта иштегендер кыргыз тилин билүүсү талап кылынат.

Айыл өкмөттүн кызматкери менен ал жерге келген жарандын видеосу өткөн жуманын соңунда кызуу талкууга алынды.

Бул окуя боюнча Өкмөткө караштуу Сокулук районунун аппарат жетекчиси Канатбек Калдаралиев мындай маалымат берди:

“Бул окуя 2,5 ай мурда болгон. Видеого тартып жаткан жаран мектепте мугалим болуп иштейт экен. Алар Тажикстандан келген этникалык кыргыз, ошол айылда жашайт жана каттоосу Бишкек шаарында деп маалымат беришти. Аялынын каттоосу жок экен. Ошого “жөлөкпул алам” деп, социалдык кызматкерге келген. “Каттооңуз жок болгондуктан бере албайм, каттоого туруп келиңиз” деп айыл өкмөтүнүн кызматкери жөнөткөн экен.

3 күндөн кийин ушундай ызы-чуу кылып, видеого тартып кетиптир. Кызматкер “жүр, кыргыз тилде сүйлөгөн кызматкерге алып барайын” деп айтыптыр, бирок жаран болбой эле “атайын провакация уюштуруп жатат” деп да айтышты”.

Калдаралиевдин маалыматына караганда, айыл өкмөтүнүн кызматкерине чара көрүлүп, сөгүш жарыяланды.

Ал эми окуянын экинчи каарманы, видеону тарткан Абдухолик жөлөкпул үчүн эмес, башка маалымкат алуу үчүн барганын Фейсбук колдонуучу Саид Рахманга төмөндөгүдөй баяндап берген.

«Кечээ РОВДга чакырышты. Барсам бул аял жана жакындары барган экен. Эгер арыз жазсаң бүтүндөй орус тилдүү элдерди чогултуп митингге чыгам деп коркутту. Мен жөлөк пул сурап барган жокмун. Керектүү справка сурап барсам, бул аял «вы меня уже достали!» дегенден ушундай окуя болуп кетти. Кыргызча сүйлөсөм, мага орусча сүйлө деп талап кылды. Кечээтен бери «я тебя покажу» деген коркутуулар болду. Анын баарын скрин кылып койдум. Соцтармакка тараган видео экспертизага өткөрүлдү». 

Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндөгү болгон окуя боюнча Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрага орун басары Жылдыз Орозобекова, дароо чара көрө турган ыйгарым укуктары жетишсиз экенин белгилеп, азыркы тапта Сокулук районунун акимине кат даярдалып жатканын айтты.

Ал мамлекеттик кызматтагы адамдар этиканы так сактап, мындай окуяларга жол бербеши керектигин белгиледи.

Кыргызстанда ар бир жаран өзү талап кылган тилде кызмат алууга укуктуу жана мамлекеттик кызматкер кыргыз тилин билүүгө милдетүү экенин кошумчалады.

“Мамлекеттик талап боюнча кызматкер мамлекеттик кызматтын кайсы инстанциясында болбосун мамлекеттик жана расмий тилде тең сүйлөш керек. Бул талап кыркы 10 жылдан бери коюлуп келе жатат. Муну ар бир жегиликтүү башкаруу органы жөнгө салып коюшу зарыл. Эгер болбосо бул ишти мыйзам боюнча прокуратурага өткөрүлүп берилет”.

2021-жылдын июль айында президент кол койгон жарлыкка ылайык, Мамлекеттик тил комиссиясы президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия болуп түзүлгөн. Ошондой эле, кайра түзүлгөн комиссияга бир нече мекемелерди өткөрүү боюнча токтом кабыл алынган.

Алардын бири — Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси.

Мамлекеттик кызматкер жумушка орношуудан мурун кыргыз тилин билүү деңээли боюнча атайын тесттен өтөт. Босого баллды алгандар гана мамлекеттик кызматка дайындалат.

“Кыргызтест” мекемеси 2013-жылы түзүлгөн. 2015-жылдан баштап өлкө ичинде үзгүлтүксүз иш жүргүзүп келе жатат. Мекеме А1, А2, Б1, Б2, С1 категориялары боюнча жарандардан тест алып, тил билүү деңгээлин аныктайт. 2015-жылы тест система жалпы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге милдеттүү түрдө киргизилген.

Тилчи Зарыл Алымбаева мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин B1 деңгээлинде билүүсү керек экенин айтты.

“Кыргыз тили – мамлекеттик тил болгондуктан, мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы кыргыз тилин B1 деңгээлинде билиши зарыл. В1 деңгээли – бул сүйлөшүүнүн чөйрөлөрүнө ылайык тилдик каражаттарды колдонууну билиши керек”.

Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Мындан тышкары Кыргызстанда орус тили расмий тил деп эсептелет.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамда президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, Жогорку соттун төрагасы мамлекеттик тилди билүүгө, мамлекеттик тилде окуп, жазып, өз оюн айтууга жана эл алдында сүйлөй билүүгө милдеттүү экени белгиленген. Бирок мындай эрежелер ар дайым эле иштей бербейт.

Тилчи Улукбек Омокеев тил — бүгүнкү күндөгү эң оорчундуу маселелердин бири деп эсептейт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн саясий эрк жана каттуу талап керек деген ойдо.

Ошол эле учурда бир гана мамлекеттен талап кылып отура бербей, жарандар өздөрү да эне тилин өнүктүрүүгө кызыкдар болушу керектигине токтолду.

“Биз мамлекеттен жалаң эле талап кыла бербестен жардам беришибиз керек. Мисалы: кызматкерлерди окуу методикалык колдонмолор менен камсыз кылып, алардын квалификациясын кыргыз тилинде жогорулатышын талап кылып, кеп маданиятын окутуп, тилди үйрөтүүчү атайын курстарга баруу керек. Мамлекеттик кызматкер кыргыз тилинде сүйлөш керек, жаза алыш керек. 30 жылдан бери кетирип жаткан кемчиликтерди биз кайрадан окутуп, билимин жогорулатып, жардам берүү менен гана жоюуга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт”.

Жакында эле Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мындан ары мыйзамдар кыргыз тилинде жазылышы керек деген демилге көтөрүп чыккан.

Ал эми айрым тилчилер кыргыз тилинде мыйзам жазган адистер жок экенин айтышууда.

Буга чейин «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбоору да иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган долбоордун максаты — мыйзамды Конституцияга ылайык келтирүү жана текстине айрым тактоочу ченемдерди киргизүү экени айтылды. Мыйзамда мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди өз ишмердүүлүгүн аткаруу үчүн зарыл деңгээлде билиши зарыл экени жазылды.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили — мамлекеттик, ал эми орус тили — расмий деген макамга ээ. Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет.

Copyright © 2017 Maral FM