Биз менен байланышыңыз

Катар дүйнө чемпионатынын тарыхында өз үйүндө утулуп калган биринчи өлкө болду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 21 Ноя 2022 | 482 | 0

Кечээ, 20-ноябрь Катар курама командасы 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын алгачкы беттешинде Эквадор курамасына утулуп калды.

Беттеш, Эль-Хаур шаарындагы «Эл-Байт» стадионунда өтүп, 2:0 эсебинде коноктордун пайдасына аяктады.

16-мүнөттө Эквадордун чабуулчусу Эннер Валенсия пенальтинин эсебинен биринчи голду киргизсе, 31-мүнөттө кайрадан командасынын эсебин жаңылап экинчи голун киргизди.

Ал эми, Катар курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи беттешинде өз үйүндө утулуп калган тарыхтагы биринчи өлкө болуп калды.

Дүйнө чемпиондугу 18-декабрга чейин уланат. Катарлыктар Сенегал жана Голландия курама командалары менен дагы оюн өткөрөт.

Бүгүн Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат. Графиги

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM