Биз менен байланышыңыз

Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталды. Графиги

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 21 Ноя 2022 | 2199 | 0

20-ноябрда Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталды. Кыргызстандын убактысы боюнча саат 22:00дө «Эл-Байт» стадионунда Катар — Эквадор алгачкы беттеши өттү.

Катар биринчилиги — араб дүйнөсүндө өтүп жаткан биринчи дүйнөлүк чемпионат. Турнир дээрлик бир айга созулат: финал 18-декабрда болот.

Турнирге 32 курама команда катышат. Финалдык баскычка чүчүкулак 2022-жылдын 1-апрелинде квалификациялык турнирдин аягында өттү. Командалар сегиз топко бөлүнгөн. Ар биринен эң мыкты эки команда плей-оффко чыгышат, анда турнирдин 1/8 финалынын баскычынан баштап ойношот. 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалында утулган командалар үчүнчү орун үчүн беттеште өз ара ойнойт.

Эл аралык футбол федерациясынын чечими менен Орусия курамасы турнирге катышпайт.

Биринчи тур:

20-ноябрь жекшемби:

— саат 22:00. Катар — Эквадор (А тайпасы).

21-ноябрь, дүйшөмбү:

— 19:00. Англия — Иран (B тайпасы);

-22:00. Сенегал — Нидерланды (А тайпасы);

-01:00. АКШ — Уэльс (B тайпасы).

22-ноябрь, шейшемби:

— 16:00. Аргентина – Сауд Аравия (С тайпасы);

— 19:00. Дания — Тунис (D тайпасы);

— 22:00. Мексика — Польша (C тайпасы);

— 01:00. Франция — Австралия (D).

23-ноябрь, шаршемби:

— 16:00. Марокко — Хорватия (F);

— 19:00. Германия — Япония (E);

— 22:00. Испания — Коста-Рика (E);

— 01:00. Бельгия — Канада (F).

24-ноябрь, бейшемби:

— 16:00. Швейцария — Камерун (G);

— 19:00. Уругвай — Корея (H);

— 22:00. Португалия — Гана (H);

— 01:00. Бразилия — Сербия (G).

Экинчи тур:

25-ноябрь, жума:

— 16:00. Уэльс — Иран (B);

— 19:00. Катар — Сенегал (A);

— 22:00. Нидерланды — Эквадор (A);

— 01:00. Англия — АКШ (B).

26-ноябрь, ишемби:

— 16:00. Тунис — Австралия (D);

— 19:00. Польша – Сауд Аравиясы (C);

— 22:00. Франция — Дания (D);

— 01:00. Аргентина — Мексика (C).

27-ноябрь, жекшемби:

— 16:00. Япония — Коста-Рика (E);

— 19:00. Бельгия — Марокко (F);

— 22:00. Хорватия — Канада (F);

— 01:00. Испания — Германия (E).

28-ноябрь, дүйшөмбү:

— 16:00. Камерун — Сербия (G);

— 19:00. Корея — Гана (H);

— 22:00. Бразилия — Швейцария (G);

— 01:00. Португалия — Уругвай (H).

Үчүнчү тур:

29-ноябрь, шейшемби:

— 21:00. Эквадор — Сенегал, Нидерланды — Катар (A);

— 01:00. Иран — АКШ, Уэльс — Англия (B).

30-ноябрь, шаршемби:

— 21:00. Австралия — Дания, Тунис — Франция (D);

— 01:00. Сауд Аравия — Мексика, Польша — Аргентина (C).

1-декабрь, бейшемби:

— 21:00. Канада — Марокко, Хорватия — Бельгия (F);

— 01:00. Коста-Рика — Германия, Япония — Испания ( E).

2-декабрь, жума:

— 21:00. Гана — Уругвай, Корея — Португалия (H);

— 01:00. Сербия — Швейцария, Камерун — Бразилия (G).

Оюндарды КТРК жана «КТРК Спорт» каналдарынан түз көрүүгө болот.

Катар өз тарыхындагы эң ири спорттук иш-чарага карата жалпы 8 чоң стадион курду.

Катар-2022: Дүйнө чемпионаты өтө турган стадиондорго саякат (сүрөт)

Чемпиондуктун талисманы «лаиб» деп аталган араб эркектери башына оронгон чалма болот. Ал эми эмблемасы кызыл оюм-чийим менен ак буралган сегиз саны болот. Сегиз саны турнирде оюндарды өткөрө турган стадиондордун санын билдирет. Ошондой эле эмблема чексиздиктин да белгисин түшүндүрөт.

Гимни катары америкалык ырчы Тринидад Кардона жана катарлык ырчы Аиша аткарган «Hayya Hayya» ыры болду.

Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын уюштуруу комитети күйөрмандар үчүн өлкөдөгү жүрүм-турум эрежелерин жарыялаган. 16 барактан турган документ бардык күйөрмандарга тиешелүү.

Дүйнөлүк чемпионатты көрүүгө келген күйөрмандарга жергиликтүү тургундар менен учурашууда аялдар менен кол алышуу сунушталбайт. Кучактап көрүшүүгө тыюу салынат. Ал эми конокко чакырылган учурда, алгач улуу жана жогорку даражалуу адамдар менен саламдашуу зарыл. Ал эми жаш балдарды башынан сылап коюу — эркелетүү жана бата берүү катары эсептелет.

Эрежелердин экинчи бөлүгү – коомдук жайлардагы жүрүм-турум эрежелери. Ал жактан сизге бирөө бир буюм берсе оң колуңуз менен алышыңыз керек. Анткени сол кол жеке гигиена үчүн колдонулат. Мындан тышкары бутту кайчылаштырып отуруу сунушталбайт — бул кемсинтүү катары каралат.

Үчүнчү бөлүгү диний маселелерге байланыштуу. Өлкөгө келген зыяратчылардан күнүнө беш маал азан чакырылып жатканда музыканы катуу чыгарууга тыюу салынат.
Кыздар үчүн жеңи жок көйнөк, кыска көйнөк же юбка кийүүгө тыюу салынат. Мечиттерге барганда денесин толук жапкан кийим кийүү зарыл. Эркектерге тизесин жаап турган кыска шым кийүүгө уруксат берилет. Тар джинсы шым, спорттук шорты кийбөө сунушталат.

Кыргызстандык адис Павел Лузанов Катардагы “Ахмад бин Али” стадионунун матч директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Аталган арена Эр-Райян шаарында жайгашып, анын сыйымдуулугу 45 миң 350 көрүүчүгө ылайыкталган. Бул футболдук аренада турнирдин тайпалык этабынын АКШ — Уэльс, Бельгия — Канада, Уэльс — Иран, Япония — Коста-Рика, Уэльс — Англия, Бельгия — Хорватия беттештерин жана 1/8 финалдык оюнду кабыл алат.

Дүйнө чемпиондугу 2022-жылдын 20-ноябрынан 18-декабрына чейин өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM