Биз менен байланышыңыз

Экзит-полл: Токаев президенттик шайлоодо 82% добуш алды

Кыска кабар | 21 Ноя 2022 | 265 | 0

Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев 20-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо алдын ала эсептөөнүн жыйынтыгында 82,45% добуш алды.

«Баарына каршы» графасына берилген добуштун пайызы 5,2ни түздү. Добуш берүүгө Казакстандын жарандарынын 69,43 пайызы катышты.

Шайлоого жалпы алты талапкер катышты: Жигули Дайрабаев 3,33%, Каракет Абден 2,54%, Мейрам Кажыкен 2,23%, Нурлан Ауесбаев 2,17%, Салтанат Турсынбекова 2,08% добуш алды. Расмий жыйынтык 21-ноябрда жарыяланат.

Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка 21-сентябрда кол койгон. Буга чейин ал өлкөнүн саясий системасын реформалаган, жаңы Конституцияга ылайык, президент жети жылга шайланат, бирок бир гана мөөнөткө шайланат.

Токаевдин атаандаштары буга чейин саясатта анчейин байкалбаган жүздөр жана шайлоого эки ай калганда катталышкан.

Талдоочулар Токаев чыныгы атаандаштары чыга электе же өлкөдө нааразылык күчөй электе жеңишин камсыз кылуу үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрдү деп эсептешет.

Токаев 2019-жылы Казакстандын президенти болгон. Өлкөнү 28 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Токаевди колдоп, иш жүзүндө бийликти ага өткөрүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM