Биз менен байланышыңыз

Келерки жылга бюджеттин тартыштыгы 21,2 млрд сомду түзөрү күтүлүүдө

Кыска кабар | 20 Ноя 2022 | 385 | 0

2023-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 322 млрд 766 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев «Ыйман Нуру» фракциясынын жыйынында билдирди.

Бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 344 миллиард 29 миллион сом деп белгиленди.

2023-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263 млн сомду же ИДПга карата 2,3%ды түзөрү күтүлүүдө.

Финансы министрлиги 10-ноябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин тартыштыгы 35,4 млрд сомго жеткенин жарыялаган. Бул өлкө тарыхындагы эң чоң бюджеттик таңкыстык экени айтылган.

Министрлик мындай таңкыстык — бюджеттик төлөмдөрдүн көбөйүшүнөн, атайын эсепке түшкөн каражаттын жана инвестициялык салымдардын азайышынан улам келип чыкканын түшүндүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM