Биз менен байланышыңыз

Фискалдык модулсуз ККМди 31-декабрга чейин гана колдонууга болот

Кыска кабар | 20 Ноя 2022 | 216 | 0

Жаңы талаптарга ылайык, фискалдык модулдук функциясы жок контролдук-кассалык машиналарды 2022-жылдын 31-декабрына чейин гана колдонууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

2022-жылдын 1-майына чейин катталган жана колдонулуп жаткан ККМдин эски моделдери белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендиктен, аларды 2023-жылдын 1-январына чейин алмаштыруу (модернизациялоо) зарыл.

2023-жылдын 1-январынан тарта белгиленген техникалык талаптарга жооп бербеген ККМ салык органдары тарабынан мажбурлоо жолу менен эсептен чыгарылат.

Мыйзамдарга ылайык, белгиленген талаптарга жооп бербеген ККМди пайдалангандыгы үчүн 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып каралган.

Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин колдонуудагы ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM