Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта 6 адам каза болду

Кыска кабар | 20 Ноя 2022 | 711 | 0

Бишкек-Ош жолунда Кара-Көл шаарында кичи автобус менен жүк ташуучу унаа кагылышып, анын кесепетинен 6 адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык 19-ноябрда болгон. Кагылышуунун кесепетинен кичи автобустун айдоочусу жана 5 жүргүнчүсү каза болуп, дагы үч жабырлануучу ооруканага жаткырылды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Быйыл 9 айда өлкө боюнча 4 миң 972 жол кырсыгы катталды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13% га азыраак. Былтыр тогуз айда 5426 жол кырсыгы катталып, 610 адам мерт болгон.

Copyright © 2017 Maral FM