Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кампадан ири өрт чыкты

Кыска кабар | 19 Ноя 2022 | 231 | 0

Бүгүн, 19-ноябрга караган түнү Бишкектин Октябрь районунун Матросов көчөсүндө жайгашкан кампадан ири өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жерине саат 02:57ден тарта ӨКМдин Октябрь, Свердлов, Биринчи май райондук бөлүмүнөн  жалпы 5 бөлүм, ошондой эле Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, 1 автошаты тартылып, тилсиз жоо саат 06:14дө чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. Алдыда кошумча маалымат берилет.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт кырсыгынан жабыркагандар катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM