Биз менен байланышыңыз

«Балаңыз тууралуу маалыматтарды интернетке жарыялоо кооптуу»

Коом | 18 Ноя 2022 | 559 | 0

Дүйнөдө интернет колдонуучулардын үчтөн бирин 18 жашка чейинки балдар түзөт. Тактап айтканда, ар бир жарым секунд сайын бала биринчи жолу интернетке кошулат. Адистер акыркы убакта Кыргызстанда да балдардын онлайн зомбулукка кабылган учурлары көп кездеше баштаганына тынчсызданышат.

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкекте балдарды интернет зомбулугунан коргоо боюнча талкуу өтүп, балдарды интернеттин терс жактарынан коргоого анчалык маани берилбей жатканы айтылды.

Дүйнө жүзүндө күн сайын балдар жана өспүрүмдөр маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын жеткиликтүүлүгүнө көбүрөөк ээ болууда. Анын пайдасы менен катар терс кесепеттери да болбой койбойт.

Бүгүн “Кыргызстандын кибермейкиндигиндеги балдардын жеке маалыматтарын коргоо” аттуу темада тегерек стол уюштурулуп, ага эскперттер, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдук өкүлдөрү катышып, маселелерди чечүү жолдорун сунушташты.

“ProLex” коомунун менеджери Гүлбарчын Жумабаеванын маалыматы боюнча, балдардын 80%ы интернет айдыңында өздөрүн коопсуз сезбейт. Ал эми ар бир үчүнчү бала кибербуллингге кабылат. Мындай кырдаалга тушуккан ар бир бешинчи бала мектепке барбай калат.

Жумабаева улуулар балдарды социалдык тармактарда жеке маалыматтарды таратпоого үйрөтүүгө чакырды.

“Фэйсбук, Инстаграм жана башка социалдык баракчаларда өзүнүн жеке маалыматтарын жарыялап же башка бирөөгө жибергенде ал жаран өзүн эле коркунучка кептейт. Себеби, алар интернет хакерлердин колуна түшүп калышы мүмкүн, дагы түрдүү коркутууларга, зомбулукка, шарттарды коюп акча талап кылуусуна, шылдыңдоого кабылышы мүмкүн”.

Кибербуллинг – бул адамды интернет аркылуу шылдыңдоо, намысына шек келтирүү, басым, кысым кылуу дегенди түшүндүрөт.

Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчи орун басары Алманбет Касымбетов өлкөдө канча бала кибербуллинге чалдыкканы туурасында так статистикалык маалыматтардын жоктугун айтты.

Ал кошумчалагандай, бир да баланын анын расмий өкүлүнүн уруксаты жок сүрөт, видеосун жүктөөгө болбойт.

Жакында бир кичинекей кыз жана баланын видеосу социалдык тармактарда тарап, элдин кызыгуусун арттырган. Бирок Касымбетов мындай көңүл ачуучу видеолор балдардын келечегине терс таасир тийгизе турганын эскертти.

“Жакында эле Тик-Ток жана башка социалдык тармактарда эки жаш баланын видеосу тараган. Видеодо алар бири бирине “Сен мени сүйөмн дедиң” “Жок мен сени сүйөм деген жокмун” деп айтып жатканда тартылган. Бул балдардын ата-энелери “Эмнеге биздин уруксатыбыз жок жүктөгөн”, — деп нааразы болуп, даттанышкан. Мыйзам боюнча адамдын сүрөт, видеосун, маалыматтарын жүктөөгө болбойт. Кичинекей балдардын маалыматтарын мыйзамдуу өкүлдөрүнүң уруксаты менен гана жарыяласа болот”.

Бул окуяга укутук баа берүү же видеону жарылыяган жаранга чара көрүүгө расмий органдын ыйгарым укуктары жетишпей турганын айтты. Мындай окуяларда жабырлануучу тарап арыз жазып, мекемеге кайрылса, бул иш териштирилүүгө ИИМге жөнөтүлөрүн түшүндүрдү.

Ал эми киберкоопсуздук боюнча адис Халил Ибрагим жогоруда аталган окуя улуулар тарабынан тамаша иретинде кабыл алынса, балдардын келечектеги аң сезимине доо кетирип, алар теңтуштар тарабынан шылдыңга кабыларын белгиледи.

Мындан сырткары адис бүгүнкү күндөгү ата-энелер балдарын төрөлгөн күндөн тарта сүрөт видеосун социалдык тармактарга жүктөгөнүн туура эмес деп эсептейт. Ал Батыш өлкөлөрүн мисалы келтирип, улуулар балдарын социалдык тармактарга аралыштырбай турганын айтып берди.

“Батыш өлкөлөрдө ата-эне блогерлер бар. Алар өздөрүнүн блогдорун тартып, чоң кишилер менен биргеликте видео, сүрөттөрүн жарыялашат, бирок балдарына келгенде такыр беттерин көрсөтпөйт, алар жөнүндө маалыматтарды да чыгарышпайт. Баланын бар экенин гана билгизишет, болду.

Бизде болсо акыркы убакытта көп байкап жатам, ата-энелер баласы төрөлгөндөн баштап эле сүрөтүн, салмагын, боюн, кайсы төрөт үйүндө төрөлгөнү боюнча баарын жазып чыгарышат. Анан баласынын чоңоюп 18-жашка чыкканга чейин сүрөт, видео, жеке маалыматтар боюнча соц тармакта даяр болуп калат. Мындай кылганга такыр болбойт, бул туура эмес”.

«Балдар укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова санариптик көндүмдөрдү туура пайдалануу боюнча чеберчилик сабактардын, окутуулардын жоктугунан көптөгөн бала интернет сазына батып жатканына кейийт.

Ал бардык эле ата-эне баласынын кибербуллингге кабылып жатканын биле бербесин белгилеп, бул жаатта көзөмөлдү күчөтүү зырылчылыгын жана маселенин чечүү жолдорун атады.

«Бүгүнкү күндө биз санарип дүйнөдөгү балдардын укугун коргойбуз десек алгач ата-энелерди жана мугалимдерди интернет булактарын кантип колдонуу керектиги туурасында үйрөтүү керек; социалдык тармактарды колдонууда кокустан сексуалдык зомбулукка учурап калбаганга; алдамчылыкка кабылып калбашына; кантип коргонуу, коопсуздук чөйрө түзүү керектигин үйрөтүү зарыл».

Адистер балдардын интернеттеги коопсуздугуна ата-энелер көңүл буруп, төмөнкү нерселерде үйрөтүүсү зарыл деп айтышат:

Биринчиден, ар бир жаран аккаунт ачкандан кийин башкалар кире албай турган пароль коюшу керек;

Экинчиден, телефонду коргой турган тиркемелер бар, аларды көчүрүп, ыңгайлаштырып алса болот;

Андан кийин телефон номуру, дареги сыяктуу жеке маалыматтарды эч кимге айтпашы, көрсөтпөшү керек.

Талдоочулардын айтымында, Кыргызстанда 7 миллион калк жашаса, 9 миллиондой гаджет пайдаланылат. Анын ичинен 15%ы гана пайдалуу маалымат алышат, калгандары агрессия жана башка терс көрүнүштөргө кызыгат. Балдардын өнүгүүсүнө, дүйнө таанымына гаджеттер менен интернет тескерисинче тоскоолдук жаратат.

Адистер 5 жашка чейинки балдарга телефон берүүгө болбой турганын, 12-14 жашында муктаждык жана мүмкүнчүлүккө жараша берсе болорун айтышты.

Телефондон көрө ата-эненин баласына китеп окуп берип, акыл-эсин өөрчүткөн жана саламаттыгын чыңдаган оюндарды ойноткону алда канча пайдалуу. Ошондой эле ар бир баланын жаш курагына жараша мамиле кылуу керек.

БУУнун Балдар фондунун изилдөөсүнө ылайык, күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу интернет мейкиндигине кошулат. Ал эми M-report жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 60%ы интернетте өзүн коопсуз сезишет.

Copyright © 2017 Maral FM