Connect with us

Кант диабетине чалдыккандардын саны болжолдуу 250 миң болушу мүмкүн

Коом | 18 Ноя 2022 | 633 | 0

Акыркы 40 жылда дүйнөдө кант диабети менен ооругандардын саны төрт эсе өстү. Эксперттер диабет менен күрөшүү үчүн шашылыш чараларды көрүү зарылдыгы мурдагыдан да жогору экендигин белгилеп келишет. Кант диабетине эң биринчи кезекте туура эмес тамактануу себеп боло тургандыгын көпчүлүк билишпейт. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө 75 миңден ашуун адам кант диабети менен ооруйт. Бирок дартка чалдыккандардын саны бир кыйла көп болушу мүмкүн. Себеби, диабет көп убакыт бою эч кандай белгисиз өтөт. Бишкекте кант диабетин алдын алуу боюнча бир канча күнгө созулган иш чара болуп өттү. Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө 75 миңден ашуун адам кант диабети менен ооруйт. Бирок дартка чалдыккандардын саны бир кыйла көп болушу мүмкүн. Себеби, диабет көп убакыт бою эч кандай белгисиз өтөт. Ашыкча салмак бир канча ооруну да пайда кылат. Алардын бирине кант диабети кирет. Эң негизгиси курамында көмүртек көп болгон азыктарды аз өлчөмдө жеш керектигин Бишкек шаарынын башкы эндокринологу Назгүл Абылова айтат.

«Негизинен кант диабетине чалдыккандар 40 жаштан улуулар жана ашыкча салмактагылар болот. Бирок азыр жаштардын арасында деле ашыкчав салмактагылар көп. 30 жаштагылар деле ашыкча салмакта болсо кант диабетине чалдыккан болушу мүмкүн. Эң негизгиси курамында көмүртек көп болгон азыктарды аз өлчөмдө жеш керек жана санап жеш керек. Белок жана майлар кандагы канттын санын көтөрбөйт. Туура тамактанганда мөмө-жемиштерди көп жеш керек. Ошол эле учурда көп кыймылдаш керек. Тамак жеп туруп эле бизге окшоп жатып албаш керек. Тез татымдардан жана газдалган таттуу ичимдиктерден арылыш керек. Бардык жарандар туура тамактанышы керек. Ал эми кант диабетине чалдыккан жарандар кант кошулган тамактарды колдонууну токтотуш керек. Анын баары глюкозаны көтөрөт».

Кант диабети калктын майыптыгына жана өлүмүнө алып келген негизи үч оорунун катарына кирет. Жыл сайын 14-ноябрда бүткүл дүйнөдө кант диабети менен күрөшүү жана кант диабети менен ооруган адамдарга кам көрүү боюнча иш чаралар өтөт. ДСУнун маалыматы боюнча кант диабети өлүмдү 2-3 эсеге көбөйтүп, жашоо узактыгын кыскартат.

Кант диабетинин эң кеңири тараган I жана II типтеги кант диабети деген түрү бар. I типтеги кант диабети же инсулинге көз каранды жана II типтеги кант диабети же инсулинге көз каранды эмес деп айырмалоо керек. II типтеги кант диабетине көбүнесе 30 жаштан жогорку курактагылар чалдыгат, алар жалпы ооругандардын 90%ын түзөт. Ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгери Эмил Шаршеналиев физикалык кыймылсыздык дагы кант диабетине алып келүүчү негизи факторлордун бири экендигин белгилейт.

«Жалпы коомчулукта физикалык кыймылсыздык көбөйүп бара жатат. Жөө жүрбөй көп учурда унаа колдонобуз, телефон чукуп көп отурабыз. Кээде бир орундан жылбай 3-4 саат отурабыз. Убагында Карл Маркс кабинетинде эч убакта креслодо отурчу эмес экен. Ал ары-бери баскандыктан анын килеминде ошол изи калып калган экен. Себеби ары-бери баскан сайын мээге жакшы идеялар келет экен. Ошондуктан адам күнүнмдүк жашоосун пландаш керек. Мисалы, 1 саат отуруп иштейм, андан кийин 10 мүнөт басам дегендей. Анан кечинде жумуштан кийин паркта басам. Негизи баскандан башка дагы футбол, волейбол ар кандай оюндарды ойнош керек. Кант диабети түз жүрө ооруларына алып барат. Себеби кан тамырлар талкаланат. Кан тамырлардан кан жакшы өтпөй калат. Жүрөктүн кан тамыр оорусубу, бөйрөктүн кан тамырыбы, көздүн кан тамырыбы, мээнин кан тамырыбы бары жүрөк ооруга алып барат».

Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча 200 млнго жакын учур катталган, бирок алардын саны болжол менен 2 эсе көп болшуу мүкүн. Ошол эле учурда оорунун көрсөткүчү бардык өлкөлөрдө жыл сайын 5- 7% га өсөт, ал эми ар бир 12-15 жылда эки эсеге өсөт. Кант диабети кандагы глюкозанын деңгээлинин туруктуу өсүшү менен мүнөздөлөт, ар кандай куракта пайда болушу мүмкүн жана өмүр бою уланат.

Бишкектеги №7 поликлиниканын башкы медайымы Айнура Дүйшөбекова ден соолугуа кайдыгер карабыгын ар бир жаран канддагы канттын өлчөмүн жыл сайын жок дегенде бир жолу текшертип туруу керектигин белгилейт.

«Кандагы канттын өлчөмү 6.5 га чейин нормалдуу деп эсептелет. Биздин №7 поликлиникада 245 киши кант диабети менен каттоодо турат. Биз алардын канындагы канттын деңгээлин өлчөп, аларга кеп кеңшибизди берип, көзөмөлдөп турабыз. Ошондуктан ар бир жаран ар бир жаран кант диабетине жылды 2 жолу, жок дегенде бир жолу өтүп турушу керек. Азыр кант диабети жаштардын арасында дагы көп. Ошондуктан жаш кары дебей текшерүүдөн өтүп турушу керек». 

Бишкек шаарынын башкы эндокринологу Назгүл Абылова билдиргендей, өлкөдө 75 миңден ашуун адам кант диабети менен ооруйт. Алардын ичинен 3 миңдейи I типтеги кант диабети менен ооругандар болсо, калганынын баары II типтегилерге кирет. Бишкек боюнча ооругандардын саны 16 миңге жетет, алардын ичинен 991и биринчи тип менен ооруп инсулин алышат. Бул болгону расмий статистика, Кыргызстан боюнча 250 миң кант диабети менен ооругандар болушу мүмкүн. Себеби көпчүлүк жарандар ооруга чалдыкканын билбей жүрө берет. Бул ооруну даарылоонун негизги ыкмасы-туура тамактануу. Кант диабети менен ооругандардын 90 пайызы жүрөк оорусу менен ооруйт. Ошол эле учурда кант диабети менен ооругандардын башка ооруларга кабылышы күчтүүрөк. 

Ооруга чалдыккан айрым адамдарда оорунун төмөнкүдөй белгилер болот: адам демейдегиден көбүрөөк суу ичип жана тез-тез заара кыла баштайт, заара ушатуу үчүн түнкүсүн да тура баштайт. Салмагы азаят, денеси кычышат, жаракат алса, кеч айыгышы мүмкүн. Көзүнүн көрүүсү дагы начарлап, булчуңдар ооруп, алы кетип, тез чарчайт.

Copyright © 2017 Maral FM