Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорду үч окууда бир кабыл алды

Кыска кабар | 17 Ноя 2022 | 486 | 0

17-ноябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек арасын тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорлорун жактырып, тарыхый чечим кабыл алды. Эки долбоор үч окууда бир каралып, биринчи окууда 64 депутат «макул» болуп, 19 депутат «каршы» болуп кабыл алынды. Экинчи окууда 62 депутат «макул» болуп, 21 депутат «каршы» болду. Ал эми үчүнчү окууда 64 депутат «макул» болуп, 19 депутат «каршы» болду.

Ошентип кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоору парламент тарабынан ратификацияланды.

«Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» макулдашуунун долбоорун ратификациялоо дагы үч окууда бир каралды.

Биринчи окууда 64 депутат «макул» болуп, 19 депутат «каршы» болуп кабыл алынды. Экинчи окууда 65 депутат «макул» болуп, 17 депутат «каршы» болду. Ал эми үчүнчү окууда 65 депутат «макул» болуп, 18 депутат «каршы» болду.

Ошентип Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуунун долбоору Жогорку Кеңеш ратификациялады.

14-ноябрда өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы бул долбоорлорду үч окууда бир карап, колдоп берген.

Copyright © 2017 Maral FM