Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Кытайдан 120 автобус алынмай болду

Коом | 15 Ноя 2022 | 504 | 0

Бишкек шаарындагы коомдук транспорт көйгөйү көп жылдан бери чечилбеген маселеге айланды. Учурда жүргүнчү ташыган кичиавтобустардын азайганы да көйгөйдү курчутту.

Айрыкча, күн сууктаганда кечкисин алыскы конуштарга жетүү дээрлик мүмкүн эместигин шаар тургундары айтып келишет.

Мэрия шаарга жаңы үлгүдөгү автобустар алып келинерин улам убадалайт жана жакында окуучулар үчүн атайын автобустар каттай баштаганын айтышты.

Коомдук транспортко байланыштуу маселелер туурасында алдыда кененирээк токтолобуз. 

Зыйнат Асакеева Бишкек четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунда жашайт. Ал коомдук транспорт кечкисин дээрлик каттабай калганын, ал аз келгенсип автобус, кичиавтобустардын каатоо убактысынын интервалы так сакталбай жатканына нааразы.

“Жумуштан кийин үйгө жете албай кыйналам. Транспорттун иштөө графиги саат 24:00гө чейин деп айтышат, бирок иш жүзүнө келгенде андай эмес. Кечки саат 7-8де айдоочулар жумушун таштап кетип калышат. Муну эчким көзөмөлдөбөйт окшойт. Канчалаган адам үйүнө жете албай, 2-3 маршруткага отуруп, азаптын баарын жеп, анан үйүнө жетет. Аябай көйгөйлүү маселел го, көңүл буруп коюшса болбойбу?”.

Мындай көйгөйдү айткан тургундар четтен чыгат.

Ал эми Бишкек мэриясына караштуу транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев, муниципалдык транспорттун иштөө графиги тыкыр көзөмөлдө экенине ишендирди жана график боюнча иштебегендерге чара көрүлөрүн кошумчалады.

“Автобус, троллейбус, маршруткалардын интервалын Транспорт департаменти көзөмөлдөйт. Ар бир транспорттун акыркы токтой турган жайында атайы диспетчерлер бар. Бирок “беш кол тең эмес” дегендей, кээ бир жеке менчик марштруткалардын айдоочулары эрте кетип калышат, айрымдары жүргүнчүлөрдү ара жолдон башка маршруткага отургуздуртуп же түшүрүп коюп үйүнө кетип калгандар бар. Бирок биз буга каттуу чара көрөбүз, аларды жумуштан кетирүүгө чейин барабыз. Интервалдын сакталбашы көпчүлүк учурларда шаардагы тыгындын айынан да болуп келет”.

Жаңы конуштарга каттаган коомдук транспорттун жетишсиздиги жергиликтүү тургундарды түйшөлтө турган негизги маселелердин бири. Ошондуктан ушул күндөрү Бишкектин Көлмө конушуна троллейбус линиясын тартуу пландалып жатканын “Бишкек троллейбус башкармалыгы” ишканасынын башчысы Талантбек Капаров билдирди.

 “Линиянын узундугу 14 км болот. Бул боюнча долбоор даярдалып, 2022-2023-жылдары баштайбыз деп турабыз. Учурда башкармалыкта жалпы 183 троллейбус болсо, анын ичинен күнүнө Бишкектин тургундарын тейлөөгө 135-140 троллейбус чыгат. Негизинен шаардын ичинде 11 троллейбус маршруту бар.”

Департаменттин башчысынын айтымында, Бишкек шаарынын бюджетинин эсебинен алынып жаткан автобустар жыл аягына чейин алынып келет.

Мындан төрт жыл мурда Бишкекте 4,5 миңден кичи автобус жана 130га жакын автобус жана 140ка жакын троллейбус каттап турган. Автопарк жаңыланбагандыктан учурда Бишкекте 1 миң 800 кичи автобус иштеп жатат.

Ал азыркы тапта автопаркты жаңылоо боюнча үч долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди. Биринчиси, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы берген каражатка газ менен жүргөн 250 автобус сатып алынууда. Биринчи этапта 124 автобус алынат. Алар 2023-жылдын биринчи жарымында келет.

Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун алкагында 120 электробус сатып алынат. Ошондой эле, шаардык бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд сомго 120 автобус сатып алынууда.

Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жетекчиси Бакытбек Темикеев алынып келе турган автобустардын абалы, сапаты тууралуу буларды айтты.

“Алынып келе турган автобустар – 10,5 метр болот. Кытайдан келет. Биздин жолдордун инфраструктурасына ылайыкталган, аялдамаларда токтогондо тоскоолдук жаратпайт. Техникалык түзүмү боюнча айтсам: Автомат, кондиционери менен, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустар каралаган. Жакшы жана заманбап автобустарды алып жатабыз деп ойлойм”.

Коомдук транспорттун абалы мектеп окуучуларына да таасирин тийгизүүдө. Бишкектеги мектептерде 177 миң окуучу билим алууда. Алар үчүн шаарда атайын транспорт каралган эмес. Мындан улам жеткинчектер күн сайын кичиавтобустарга тыгылып, батпай калгандары мектепке жөө барууга аргасыз.

Эми Бишкектеги мектеп окуучулары үчүн автобусттар каттай турганын Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев айтты.

Бул долбоор сыноо иретинде үч айга 5-7 мектепте ишке ашырылат.

“Бул багытта “Schoolbus” ЖЧКсы иш алып барат. Учурда мектеп директорлору, ата-энелер комитети “Schoolbus” ЖЧКсынын жетекчилиги менен жол кире акысы канча болору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүрүүдө.

Бул долбоор болжол менен келерки жылдын январь айына чейин иштейт. Анын себеби, бул долбоор өзүн актайбы билишибиз керек. Бир-эки күндө автобустардын каттамын түзүп беребиз. Биринчи этапта ISUZU үлгүсүндөгү 2 автобус болот. Долбоор ийгиликтүү болсо, мектеп окуучуларын ташыган атайын автобустар сатып алынат”.

Жол акысына токтолсок, октябрдын башында Бишкек мэриясы борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысын көтөрүү сунушун күн тартибине чыгарган.

Ага ылайык автобус, троллейбуста жол кире акысы 15 сомго, кичи жана жеке менчик автобустарда 21 сом, кечки саат 21:00дөн кийин 32 сомго көтөрүлүшү мүмкүн экени айтылган.

Буга чейин Транспорт департаменти жол кире акысын көтөрүү боюнча экономикалык эсептөөлөрдү даярдап, Экономика министрлигине берген. Учурда ал документ министрликтин кароосунда турат.

Эгер экономика министрлиги тарабынан колдоо тапса, бул маселе Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизилет.  Шаардык кеңеш ал маселени бир айга коомдук талкууга чыгарат. Коомдук талкуу учурунда ар бир жаран өз сунушун, каршылыгын калтыра алат.

Азырынча жол кире акысы жакын арада жогорулайбы же жокпу белгисиз болуп турат.

Copyright © 2017 Maral FM