Биз менен байланышыңыз

15-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 14 Ноя 2022 | 253 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 15-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас облустарында, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан, кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2 +3, күндүз +5…+10;

Талас облусунда түнкүсүн -4… +1, күндүз +3…+8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0… +5, күндүз +9….+14,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +2…+7,

Бишкек шаарында 15-ноябрда түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +7…+9 жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM