Биз менен байланышыңыз

УКМК: Насвай аткезчилиги менен кармалган унаа конфискацияланды

Кыска кабар | 12 Ноя 2022 | 180 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы контрабандалык жүк ташыган унааны мамлекеттин эсебине конфискациялады.

Буга чейин, ушул жылдын 7-октябрында Баткен облусунун Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде И.К.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы  “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кармалып, анын ичинен көп сандагы “насвай” табылып алынган.

Аталган фактынын негизинде “Баткен” бажысы тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.

9-ноябрда Баткен райондук соту президенттин улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого жана контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырмасына ылайык, И.К.А. күнөөлүү деп таап, унаасын мамлекетке чегерүү чечимин чыгарды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM