Биз менен байланышыңыз

Сот Асия Сасыкбаеваны 20-декабрга чейин камакта калтырды

Кыска кабар | 11 Ноя 2022 | 247 | 0

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоп чыккан саясатчы Асия Сасыкбаеванын баш коргоо чарасын кайра карап чыгуу боюнча апелляциялык соту болду. Анда сот саясатчыны 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Бишкек шаардык соту 9-ноябрда Сасыкбаеванын кармалышын карап, мыйзамдуу деп тапкан.

Ал 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети 22-октябрда түзүлгөн. Ага саясий уюмдар, активисттер, блогерлер жана саясатчылар мүчө болгон.

23-октябрь күнү комитетке мүчө болгондордун баарынын үйү тинтүүгө алынып, милиция кармап кеткен. Аларга карата «массалык башаламандык уюштурууга даярдануу» фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Кармоолор уланып, учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 26га жетти. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куренов издөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM