Биз менен байланышыңыз

Ачкачылык жарыялаган Нурлан Асанбеков үй камагына чыкты

Кыска кабар | 11 Ноя 2022 | 157 | 0

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектеги массалык баш аламандыктарды уюштурууга шектелип камакка алынган Нурлан Асанбековдун баш коргоо чарасы каралып, баш коргоо чарасы ден соолугуна байланыштуу үй камагына өзгөртүлдү. Ал ден соолугу начарлагандыктан сотко дарыгердин коштоосунда келген.

Нурлан Асанбеков 1-ноябрда мыйзамсыз жана адилетсиз камоого каршылыгын билдирип, абакта ачкачылык жарыялаган. Ачкачылыгын бүгүнкү күнгө чейин улантып, 21 килограммга арыктаган. Бул тууралуу жарандык активист Айсулуу Кудайбердиева Фейсбук баркчасына жарыялаган.

Маалыматка караганда, Нурлан Асанбеков кармоолор болгон учурда саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан. Ал Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетке эч кандай тиешеси жок.

Кудайбердиеванын айтымында, Асанбеков 10 жаштагы кызын жалгыз багып, тарбиялап келет. Ошондой эле, майыптыгы бар 5 жашар кызына материалдык жардам көрсөтүп турат. Андан тышкары, оорукчан апасы бар жана анын дарылануусу Асанбековдун мойнунда болгон. Сотко тиешелүү маалымкаттар берилгени менен Асанбеков эки айга камакка алынган.

22-октябрда саясатчылар, активисттер жана саясий кыймылдар Кемпир-Абад боюнча документтерди коомчулукка жарыялоону жана чек ара маселелерин Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде кароону талап кылып, «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөн эле.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 26га жетти. Мындан тышкары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куренов издөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM