Биз менен байланышыңыз

BIF-2022де айтылган маанилүү темалар

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Ноя 2022 | 684 | 0

Бүгүн, 10-ноябрда өткөн Бишкек инвестициялык форумунда Борбор Азиядагы азык-түлүк коопсуздугу жана эл аралык соода темасын камтыган пленардык жыйын болду. Анда айтылган маанилүү темалар:

  • Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздук системасын колдоо позициясы начар деп айтууга болот. Бул багытта Казакстанда системаларды жакшыртуу үчүн насыялардын пайызы төмөн, ал эми Орусияда ишкердикти өнүктүрүү үчүн акысыз жер берилет.
  • Ошол эле учурда Кыргызстан өзүн чийки зат менен 75% камсыз кылган Борбор Азиядагы жалгыз өлкө. Чийки заттын эң ири булагын суу түзөт.
  • Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда эч кандай экономикалык чек ара болбошу керек. Ал үчүн ар бир өлкөнүн күчтүү жактарын аныктоо, транспорттук логистиканы жөнгө салуу, төрт өлкөнүн соода министрликтерин туруктуу диалогго бириктирүү маанилүү.
  • Товардык алмашуунун башка стандарттарын, башкача айтканда, «товар-акчаны» эмес, «товар-товарды» же «сырьё-товарды» тандап алуу менен акча алмашуунун альтернативасын иштеп чыгуу толук реалдуу.

Ишкерлер BIFке удаа 11-ноябрда Борбор Азиядагы жашыл экономиканы өнүктүрүүгө арналган «Жашыл экономика – 2022» аймактык форумун да өткөрөт. Анда спикерлердин кеңештери, пленардык талкуу, көргөзмө, аял ишкерлердин бизнеси, 20дан ашуун инвестициялык долбоорлор, мастер-класстар өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM