Биз менен байланышыңыз

Профессор: Өлкөнүн илим тармагы оор абалда турат

Билим-маданият | 10 Ноя 2022 | 3196 | 0

Кыргызстанда бүгүн туруктуу коомду түзүүдө илимдин жана илимпоздордун ролуна зор маани берүү максатында илим күнү белгиленип жатат. Илим күнү өлкөдө 2002-жылда бери белгиленип келет. Жыл сайын бул күнү окумуштуулар жана илимий ишмерлер жасаган эмгектери үчүн мамлекет тарабынан сыйлык алат. Бирок аталган тармактын өкүлдөрү өлкөдө илимге көңүл бурулбай жатканын белгилеп, мамлекет тарабынан эч кандай колдоо таппай келгенин айтышууда. Илимпоздордун пикиринде, кайсы бир тармакта илимий ачылыш жасоо үчүн шарттын жоктугу тоскоолдук жаратып жатат. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн илимди канчалык колдонулуп жатат? Мамлекетте илим өнүгүү жолуна түштүбү? 

Жыл сайын 10-ноябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк илим күнү илимдин коомдогу маанилүү ролун жана пайда болгон илимий маселелерди талкуулоого жалпы коомчулуктун катышуусунун зарылдыгын көрсөтүүгө багытталган. Ошондой эле бул күн күнүмдүк жашоодо илимдин маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун көрсөтөт. Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы Бекмамат Жекенбаев мекеменин кызматкерлеринин айлык маянасы 50%га көтөрүлгөнүн айтты.

Мындан сырткары өкмөт жаңы илимий жабдык алып берүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Илим күнүнө карата мекеме өлкө боюнча бир катар иш-чараларды уюштуруп жатат.

«Ар бир институттарда өзүнчө көргөзмөлөр болуп жатат. Жылдын жыйынтыгы боюнча кандай жаңылыктар болгону тууралуу жыл сайын отчет берилет. Бүгүн жалпы чогулуш өтөт. Ал жерде биздин алдыңкы илимий кызматкерлибизге академиянын эмгек сиңирген кызматкери наамы, ардак грамоталар берилет. Мамлекет тарабынан колдоого токтолсок, апрелден баштап айлыгыбыз 50%га көтөрүлдү. Биздин базада материалдык техникалар начар. Акыркы убакта жакшы колдоо жок. Илимий жабдыкка билдирүү бергенбиз. Ошону күтүп жатабыз».

Ал эми илим тармагынын өкүлдөрү өлкөдө илимге көңүл бурулбай жатканын белгилеп, мамлекет тарабынан эч кандай колдоо таппай келгенин буга чейин да айтып келишкен.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөгөн Абдыров өнүккөн өлкөлөрдө илимий экономика алдыңкы катарда турарын айтат. Ошондой эле ал Кыргызстанда илим тармагына жеткиликтүү көңүл бурулбай жатканын белгилеп, өлкөдө илим өнүкпөй жатканын кошумчалады.

«Илимий экономика боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын караш керек. Мындай мамлекеттер илим жагына өзгөчө көңүл бурат. Америка, Европа, Япония сыяктуу өлкөлөрдө жалпы дүң продукциясынын 3 пайыздан кем эмес каражаттарын илимге жумшайт. Ал эми бизде илимий жакка өтө аз бөлүнөт. Бул деген эч нерсе жок дегенди билдирет. 1 млрд сомдун тегерегинде болот. Ал илимий кызматкерлердин айлык маянасынан ашпайт».

Тарых илимдеринин доктору, профессор Чолпон Койчуманованын айтымында, учурда Кыргызстанда илим тармагы жеке илимпоздор тарабынан гана кармалып турат.

«Кандайдыр бир ачылыш же изилдөө жасайын десең, материалдык жана техникалык жактан колдоого муктаж болуп каласың. Илимдин өнүгүшү – ар бир өлкөнүн жеке кызыкчыгылы болушу керек», — дейт профессор.

Ошондой эле ал Кыргызстандын илим тармагы оор абалда экенин белгиледи.

«Биздин Кыргызстанда иилим тармагына көңүл бурулбайт. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү илим тармагы жеке илимпоздор тарабынан өнүгүп жатат. Тилекке каршы, азыркы учурда мамлекеттин илимге болгон мамилеси жакшы эмес. Каржы жагынан да колдобой келет. Бизде бир гана профессионалдуу кадрлар гана бар болууда. Ошолордун жеке жумушу, кесипкөйлүгү менен гана илим деңгээли кармалып турат. Бир өлкөнүн илими өнүгүүсү үчүн башка мамлекет жардам бербейт».

Президент Садыр Жапаров окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле президент өнүккөн өлкөлөр бардык иш-аракеттеринде илимге таянып алдыга жылып жатканын белгилеп, дүйнөдөгү эң ири университеттер жөн гана билим берүү мекемелери эмес, баарынан мурда фундаменталдык жана прикладдык илимди өнүктүрүү борборлору болуп санала тургандыгын айткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM