Биз менен байланышыңыз

BIF: Казакстандык ишкер кыргызстандык ишкерлердин потенциалын жогору баалады

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Ноя 2022 | 914 | 0

Бишкек инвестициялык форумунун жүрүшүндө казакстандык ишкер Мурат Утемисов кыргызстандык ишкерлердин потенциалын жогору баалады.

Ал Казакстанда иш жүргүзүп жаткан кыргызстандык жаш ишкерлер көп экендигин баса белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

-Кыргызстандык ишкерлер өтө аракетчил жана креативдүү. Алардын потенциалын бир гана регионго эмес, Азия жана дүйнөгө алып чыгуу керек. Азыр Кыргызстандын жаш мууну 20-30 жаштагы 1 миллиондон ашык жараны чет өлкөдө жүрөт. Бул бир чети жакшы көрүнүш. Анткени алар чет өлкөнүн тажрыйбасын топтоп, үйрөнүп жатышат. Аң-сезим өзгөрөт. Мунун баарынын өлкөнүн өнүгүүсүнө таасири тиет. Ушул муун 40-50 жашка чыкканда өз өлкөсүнө кайтып келип иштей баштаса, чоң экономикалык секирик болушу мүмкүн. Айрыкча экономикалык жактан Казакстан, Өзбекстандан да өтүп кетет деп айта алам”.

Эл аралык Kusto компаниялар тобунун жетекчиси Мурат Утемисов Кыргызстандагы жарандык коомдун өнүгүүсүн да жогору баалап, эл бийликтин аракетин көзөмөлдөп турганы жакшы көрүнүш деп эсептейт. Айрыкча жарандык коомдун өнүгүүсү жагынан Кыргызстан коңшу өлкөлөргө караганда бир топ алдыга кеткенин, бул экономика үчүн маанилүү нерсе экенин белгилейт.

Ошондой эле, Борбор Азия мамлекеттери бир гана экономикалык эмес, саясий, маданий жактан да тыгыз кызматташуусун каалайт.

“Борбор Азия өлкөлөрүндөй бири-бирине жакын өлкөлөр башка жакта жок. Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан мунун баарын “Бирликстан” деп койсок да болот. Баарыбыз түрк тектүүбүз. Дүйнөдөгү чакырыктарга даяр туруу үчүн да бирдиктүү уюмдарыбыз болушу керек. Биримдик болгон жерде, тирилик болот”.

Мурат Утемисов – казакстандык ишкер, эл аралык Kusto компаниялар тобунун жетекчиси. Курулуш тармагында иш алып барган бул компания Вьетнамдын борборунда асман тиреген көп кабаттуу үйлөрдү салып, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган. Учурда Алматы шаарында да бийик имараттарды курууда. Ал Бишкек инвестициялык форумуна конок-спикер катары чакырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM