Биз менен байланышыңыз

BIF: Бангладештик инвестор Кыргызстандын тигүү тармагына кызыгууда

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Ноя 2022 | 972 | 0

Бишкек инвестициялык форумуна катышуу үчүн келген бангладештик инвестор Шажжад Али Ханды эң көп Кыргызстандын тигүү тармагы кызыктырууда. Бул тууралуу ал «Маралга» берген маегинде белгилеп өттү.

Шажжад Али Хан Бангладеште текстиль тармагында иш алып барат. «Бангладеш жеңил өнөр-жай тармагы боюнча дүйнөдө 2-орунда турат. Биздин өлкөдө 85 млн калк текстиль тармагында иштейт. Биз Бишкек, Кыргызстан тууралуу мындан үч ай мурда эле уктук. Бизди Кыргызстандын тигүү тармагы өзүнө кызыктырып жатат. Анткени бул өлкө тигүү тармагы боюнча Борбор Азияда потенциалы өтө чоң экен. Мындан улам биз Кыргызстандан өнөктөш таап, жеңил өнөр-жай тармагында иш алып барсак деген ниеттебиз», — деп билдирди Бангладеш өлкөсүнөн келген ишкер.

Бүгүн, 10-ноябрда Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарындагы Дасмия этно-комплексинде Бишкек инвестициялык форуму (BIF) жана «Жашыл экономика – 2022» аймактык көргөзмөсү өтүүдө.

Форумга 1500дөн ашуун катышуучу анын ичинде: 10 өлкөдөн бизнес-делегация, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан ишкерлер жана стартап ээлери, 500 потенциалдуу инвесторлорлордун катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле түрдүү багытта ийгиликтүү иш алып барган 80ге жакын жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын товарларынын жана кызматтарынын көргөзмөсү уюштурулат.

Бишкек инвестициялык форуму (BIF) 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет жана Борбордук Азиядагы ири бизнес жана инвестициялык форумдардын бири болуп саналат.

BIF-2022: Борбор Азиядагы инвестицияны өнүктүрүү аракети

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM