Биз менен байланышыңыз

Абакиров: Ишкерлер BIF сыяктуу форумдарга катышып көнүүсү зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Ноя 2022 | 549 | 0

Бишкек инвестициялык форуму мындан ары да өнүгүшү үчүн өкмөт да ушундай иш-чараларга өзү кызыктар болуп көмөктөшүүсү зарыл. Бул тууралуу экономист, ишкер Эльдар Абакиров форумдун жүрүшүндө билдирди.

Экономист ишкерлерди мындай форумдарга катышууга көндүрүү керектигин баса белгилейт. “Мисалы АКШда биржа бар, биржа инвесторлорго, ишкерлерге кепилдик берип, сенин идеяң, инвестицияң корголот. А бизде ишкер менен инвестор ортосунда да, ишкер менен мамлекеттин ортосунда да ишеним жок. Идеяң корголбойт. Мына ушундай учурда BIF сыяктуу форумдар, ишенимди бекемдөөчү аянтча болуп берет. Бул форумдар өнүгүп отуруп, биржа системасына өтүшү керек”, — деп кошумчалады Эльдар Абакиров.

Ошондой эле форумдун максаты Борбор Азиядагы ишкерлик мамилелерди өнүктүрүү болгондуктан, 70 млн калкы бар регион биргеликте мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек деп эсептейт Эльдар Абакиров.

“Казакстанда мамлекетте капитал бар. А Кыргызстанда чоң капитал жок, бирок 30 жылдык эркин экономикада ишти уюштурууну мыкты өздөштүрдүк. Өзбекстан болсо эки тарабынан да күчтүү. мамлекетте акча да бар, иш да, керектөөчү да көп. Мына ушунун баарын бириктирип, ортодогу тоскоолдуктар жоюлса Борбор Азиядагы ишкерлер чоң экономикалык күч боло алат”

Ал эми “BIF – Борбор Азиянын “Давосу” боло алабы?, — деген суроого, дагы бир 4-5 баскычтан кийин ушундай масштабга жетерине ишенерин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM