Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы оорудан бир аскер каза болгондугун маалымдады

Кыска кабар | 10 Ноя 2022 | 434 | 0

Бүгүн, 10-ноябрда Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болгондугун УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Күз-2022» чакырылышынын мөөнөттүү аскер кызматкери А.Т.у. эртең менен саат 05:45те аскер бөлүктүн медициналык пунктуна дене табынын көтөрүлүп жана тамагынын ооругандыгын айтып кайрылган. Аскер кызматкеринин ден соолугун көзөмөлдөө максатында аскер бөлүктүн медициналык пунктуна жаткырылган.

Саат 15:00 чамасында А.Т.у. ден соолук абалы кескин начарлап, анын алдында ооз көңдөйүнөн кан кеткен. Ага дароо тез жардам бригадасы чакырылып, алар келген маалда аскер кызматкеринин каза болгонун аныкташкан.

Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуянын себептерин жана жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери башталган.

Аскер кызматкердин өлүмүн объективдүү иликтөө үчүн аскер кызматкердин сөөгүнө экспертиза жүргүзүлүп, ага Аскердик прокуратура жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышкан. Экспертизанын жыйынтыгын алуу үчүн Бишкек шаарына жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM