Connect with us

Кемпир-Абад: Кармалган саясатчыларга карата сот чечими өзгөргөн жок

Кыска кабар | 10 Ноя 2022 | 444 | 0

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоп чыккан саясатчы, активисттердин баш коргоо чарасын кайра карап чыгуу боюнча апелляциялык сот отурумдары уланды. Бүгүн алардын айрымдарынын кармалышынын мыйзамдуулугун жана райондук соттун чыгарган чечиминин үстүнөн бир канча соттук териштирүү болду.

Бишкек шаардык соту 10-ноябрда саясатчы Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, саясатчылар Улукбек Маматаев, Асия Сасыкбаева жана Бектур Асановдордун баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

24-25-октябрларда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы жана активисттердин соту болуп, алар 20-декабрга чейин камакка алынган.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Кармоолор уланып, учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 26га жетти. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куренов издөөдө.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында «массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган. Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM