Биз менен байланышыңыз

Бүгүн массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалгандардын соту уланат

Кыска кабар | 10 Ноя 2022 | 194 | 0

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган жарандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын арызы каралат.

Саат 9.00дөн 10.00 арасында саясатчы Равшан Жээнбеков жана укук коргоочу Рита Карасартованын, 9.45те «Ак калпак» партиясынын лидери, саясатчы Улукбек Маматаевдин, саат 13:30да саясатчы Канат Исаевдин, саат 15:00дө жарандык активист Акыл Айтбаевдин, саат 16:00дө жарандык активист Марат Баязов, саат 17:00дө жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун баш коргоо чаралары каралат.

Кечээ, БШКнын мурдагы мүчөсү Гульнара Журабаеванын, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин, жарандык активисттер Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Таалай Мадеминовдун, Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкуловдун, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулованын жана саясатчы Перизат Сурановалардын баш коргоо чаралары каралып, шаардык сот райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

24-25-октябрларда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы жана активисттердин соту болуп, алар 20-декабрга чейин камакка алынган.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Кармоолор уланып, учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 26га жетти. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куренов издөөдө.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында «массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган. Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM