Биз менен байланышыңыз

Депутат Ташиев Тогуз-Торо милициясына унаа белек кылды (видео)

Кыска кабар | 9 Ноя 2022 | 162 | 0

Бүгүн, 9-ноябрда Жалал-Абад обулустук ички иштер бөлүмүнүн имаратында Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев тарабынан Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө «ВАЗ 2121» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борборунун директору Кабылбек Көчкөнбай уулу билдирди.

Шайырбек Ташиев Тогуз-Торо району облустун алыскы аймактарынын бири болгондуктан, районго баруучу жолдун катаалдыгынан унааны аталган тарапка берүү чечимин кабыл алгандыгын айткан.

Ал мындан ары дагы Жалал-Абад облусунун башка район, шаарларына колдоо көрсөтөөрүн белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM