Бүгүн, 9-ноябрда Жалал-Абад обулустук ички иштер бөлүмүнүн имаратында Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев тарабынан Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө «ВАЗ 2121» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борборунун директору Кабылбек Көчкөнбай уулу билдирди.
Шайырбек Ташиев Тогуз-Торо району облустун алыскы аймактарынын бири болгондуктан, районго баруучу жолдун катаалдыгынан унааны аталган тарапка берүү чечимин кабыл алгандыгын айткан.
Ал мындан ары дагы Жалал-Абад облусунун башка район, шаарларына колдоо көрсөтөөрүн белгилеген.