Биз менен байланышыңыз

Аялдардын рак ооруларын алдын алууга вакцина канчалык жардам берет?

Коом | 9 Ноя 2022 | 744 | 0

Аялдардын жатын моюнчасынын рагы дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат. Ал эми Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгат, алардын ичинен 300 аял бул оорудан көз жумат. Рактын бул түрү өлкөдөгү аялдардын рак оорусунун негизги себептеринин арасында 2-орунда турат жана 15 жаштан 44 жашка чейинки курактагы аялдарда рак оорусунун эң кеңири таралган түрү болуп саналат. Бул көйгөйдү алдын алуу максатында Кыргызстанга адамдын папиллома вирусуна каршы вакцина алып келинди. Эми 14-ноябрдан тарта 11-жаштагы кыздар папиллома вирусуна каршы эмделе баштайт. Адистердин айтымында, бул эмдөө менен аялдар арасында рак оорусуна чылдаккандардын саны кыйла азаят.

Адамдын папиллома вирусу – жыныстык жол аркылуу жугуучу, организмге түшөрү менен ар кандай ооруга алып келүүчү инфекциялардын бири.

Адамдын папиллома вирусу – бул жалпы аталышы. Ал өз ичине 27 түрдүү вирусту жана алардын 200дөн ашык түрүн камтыйт.

Папиллома – теринин эпителий катмарында, органдардын былжыр челдеринде, тактап айтканда, кекиртек, ооз, көз жана жыныс органдарда өсө турган өсүндүлөр. Эл арасында буларды “сөөл” деп көп айтышат. Алардын өлчөмү 1-2 сантиметрден ашпайт.

Саламаттык сактоо министрлигинин Башкы гинекологу Арсен Аскеров аталган оору эмнеси менен коркунучтуу экенин мындай түшүндүрдү:

“Папиллома вирусунун 200 түрүнүн ичинен 10дон ашыгы аялдардын жатын моюнчасына тиешелүү. Азыркы тапта аялдардын өлүмүнө же майып болуп калышына ушул жатын моюнчасынын рагы себеп болууда. Аядарда рак илдети пайда болордун алдында ракка чейинки мезгил бар. Анда да папиллома вирустар пайда боло баштайт. Аялдар бул вирусту көбүнчө турмушка чыккандан же чыкканга чейин эркек аркылуу жугузушат. Негизи вирустун ташуучусу эркектер болот”.

Вирус папилломанын өскөн ордуна карата жугат:

Колдо болсо учурашуудан, кол кармашуудан;

Эринде болсо өбүшүүдөн;

Жыныстык органдарда жыныстык катнаштан жугат;

Коомдук жайлардан да жугуп калышы ыктымал. Булар: бассейн, сауна, мончо, даараткана, спорт зал.

Теринин кесилген жана тытылган жери аркылуу кирип кетип, ошол жерде өсө баштайт.

Эпидемиолог Айчүрөк Макилова папиллома вирусуна каршы өспүрүм кыздарды эмдөө көбүрөөк натыйжа берерине токтолду.

“Аталган вирус жыныстык жол менен жана карым катнаш аркылуу жугат. 11 жаштагы өспүрүм кыздар жыныстык катнашга барганга чейин папиллома вирусуна каршы вакцинаны алса дагы да натыйжалуу болот. Себеби графиги менен вакцинаны эки жолу алат. Анын бир жылдай убакыт боюнча организминде иммунитет пайда боло баштайт”.

Адистер вирусту жугузуп албоо үчүн кеңештерди айтышты:

  • Гигиеналык эрежелерди сактоо керек: Бирөөнүн кийимин, бут кийимин, башка буюмун колдонбоо; Бассейнге, мончого барганда жылаңайлак жүрбөй, өзүнүн бут кийимин кийүүсү зарыл.
  • Папиллома вирусун жугузуп алганда толук дарыланып бүтмөйүнчө жыныстык катнашты токтотуп туруу зарыл.

Жогоруда аталган көйгөйлөрдү эске алып, Саламаттык сактоо министрлиги 14-ноябрдан тарта Кыргызстанда 11 жаштагы кыздар үчүн адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнү баштоо алдында турат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева эмдөө алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарына ылайык жүргүзүлөрүн айтты.

«Бул календарь Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 23-декабрындагы №1131 буйругу менен бекитилген. Иммунизация маселелери боюнча Илимий-техникалык эксперттер тобу вакцинаны киргизген алгачкы жылы негизги максаттуу топко кошумча 12-14 жаштагы кыздарды да эмдөөнү сунуштайт. Өспүрүм кыздарды план боюнча эмдөө келечекте жыл сайын жатын моюнчасынын рагы менен ооруган 600дөн ашык учурдун, 300гө жакын өлүмдүн алдын алууга мүмкүндүк берет», — деди Арыкбаева.

Эмдөө мектептердеги медициналык пункттарда акысыз жүргүзүлөт. 2022-2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да АПВ вакцинасы сайылат. Вакцина 6 айлык аралык менен эки жолу берилет. Биринчи дозасы ноябрда, ал эми экинчи дозасы май айында сайылат. Бул вакцина ийиндин булчуңуна 0,5 мл дозада гана сайылат.

Бардык аймактарга жеткиликтүү деңгээлде вакциналар жеткирилгенин жана адистер атайын окутуулардан өткөрүлгөнүн Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова айтып берди.

“Биздин медициналык мекемелердеги кызматкерлер эмдөө өнөктүгүн баштоого даяр. Биз 1650 эмдөө жүргүзгөн кызматкерди жана 400дөн ашуун дарыгерди окутуудан өткөрдүк. Азыркы тапта Билим берүү министрлиги менен биргеликте ата-энелерге жана өспүрүм кыздарга түшүндүрүү жана маалымат берүү иштерин күчтөндүрүүнү пландап жатабыз”.

Аталган вакцина дүйнө өлкөлөрүндө да кеңири колдонулууда. Алсак, 2020-жылга карата АПВ вакциналары дүйнөнүн 112 өлкөсүндө пландуу иммунизациялоо программаларына киргизилген. Бул вакцинаны киргизген көптөгөн өлкөлөр эмдөө оорунун оордугуна оң таасирин тийгизээрин байкашкан. Австралияда, АКШда, Ирландияда, Финляндияда, Данияда жана башка өлкөлөрдө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө АПВнын жогорку онкогендик түрлөрүн жуктуруп алгандардын саны 90%га чейин азайганын көрсөткөн. себеби АПВнын бул түрлөрү сайылган вакциналардын курамына кирет.

Copyright © 2017 Maral FM