Биз менен байланышыңыз

БУУ Украинада 16 миңден ашуун жай тургун каза болгонун билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2022 | 618 | 0

Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын башкармалыгы Украинада жай тургундар арасында курман болгондордун саны боюнча маалыматтарды жаңылашты.

24-февралдан 6-ноябрга чейин 16 миң 462 жай тургуну жабыр тарткан. Алардын ичинен 6490 адам каза болуп, 9972 адам жарадар болгон.

БУУ өлүмдүн жана жаракат алуунун негизги себеби оор артиллериядан жана бир нече ракеталык системалардан аткылоо, ошондой эле ракеталык жана аба соккуларынан болгонун билдирди.

Каза болгодордун 2533ү эркек, 1731и аял, 168 кыз, 201 эркек бала.

Ошондой эле алардын арасында 34 бала жана 1828 чоң кишинин жынысы аныктала элек.

Жабыркагандардын арасында: 2144 эркек, 1541 аял, 208 кыз, 295 эркек бала. 242 баланын жана 5542 чоң кишинин өздүгү тактала элек.

БУУ сандар мындан алда канча көп болушу мүмкүн экенин эскертип, азыр Мариуполь, Изюм, Лисичанск, Попасна жана Северодонецк шаарларынан келген маалыматтарды текшерип жатышканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM