Биз менен байланышыңыз

Зеленский Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн беш негизги шарттарды атады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2022 | 490 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ, 7-ноябрдагы кайрылуусунда Москва менен сүйлөшүүгө даяр болгон шарттарды айтты.

Анын айтымында төмөнкү беш шарт аткарылса, сүйлөшүүлөргө жол ачылат.

  • Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн Орусияга кошулган аймактарды кайтаруу менен;
  • БУУну урматтоо;
  • Бардык чыгымдардын ордун толтуруу;
  • Ар бир согуш кылмышкерин жазалоо;
  • Согуш эч качан кайталанбайт деген кепилдик менен.

Зеленский октябрдын башында, Орусиянын президенти Путин болуп турганда, бул өлкө менен сүйлөшүүлөргө тыюу салуу боюнча Улуттук коопсуздук жана Коргоо кеңешинин чечимин кабыл алган. Ошентип, украин бийликтери Орусиянын Донецк жана Луганск элдик республикаларынын, Запорожская жана Херсон облустарынын кошулушуна жооп кайтарышты.

Өткөн жумада Американын маалымат каражаттары Вашингтон Киевди сүйлөшүүгө даяр экендигин ачык айтууга үндөгөнүн жызашкан. Андан кийин, Украинанын Президентинин кызматы Москва орус аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Орусия менен сүйлөшүүлөргө жол ачыларын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM