Биз менен байланышыңыз

Президент: Чек арада курман болгондордун эрдиктерин даңазалоо зарыл

Кыска кабар | 7 Ноя 2022 | 425 | 0

«Тарыхыбыз жана ата-бабаларды эскерүү менен, эгемендикти көксөп, өмүрүн арнаган бабаларыбыздын, кийин ошол ой-кыялдар үчүн тоталитардык режимдин курмандыгына айланган аталарыбыздын, ошондой эле жакынкы күндөрдө эле мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн чек арада баатырдык менен курман болгон мекенчил жигиттерибиздин эрдиктерин элге жайылтуу аракеттерин жана жалпы эле тарыхыбыздын белгисиз барактарын изилдөөлөрдү улантуу зарыл!»

Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата жасаган кайрылуусунда билдирди.

Өлкө башчы өз кайрылуусунда кыргыз эли гүлдөгөн доорду да, жок болуп кетүү коркунучу бар мезгилдерди да башынан өткөргөнүн, ата-бабалар эгемендикти аздектеп, мамлекеттүүлүктү туу тутканы, каада-салтын, нарк-насилин бекем сактап келгени үчүн кылымдарга сакталып калганын белгилеп өткөн.

«Элибиз нечен кылымдардан берки тарыхый сапарында биринен сала бири алмашкан даңктуу да, кайгылуу да доорлорду башынан өткөрүп келе жатат. Башкаларды мындай коюп, кыргыз эли бирде гүлдөп-өнүккөн Улуу Кыргыз кагандыгы сыяктуу ири дөөлөттү түзгөн даңазалуу доорлорду, бирде эл катары жок болуп кете турган Үркүн сыяктуу оор трагедиялуу мезгилдерди башынан кечиргендигин айтсак жетиштүү болот.

Тарых барактарында мындай кырдаалдарга тушуккан дүйнөнүн канчалаган элинин аты гана калды. Ал эми эзелтеден эгемендикти аздектеп, мамлекеттүүлүктү туу туткан, катылган жоонун катыгын берген жоокерчилик замандардан бери көчмөн турмуштун башкалардан өзгөчөлөнгөн каада-салтын, нарк-насилин сактап келген кыргыз эли кылымдардан кылымга учук улап, сакталып келе жатат. Бул — биздин сыймыктана турган улуу тарыхыбыз», — деген Садыр Жапаров.

Ошол эле учурда быйылкы жылы бир катар тарыхый инсандардын мааракелери, Тоолуу Кыргыз облусун түзүү демилгесинин 100 жылдыгы белгиленгенин эскерип өткөн.

«Совет бийлигинин орношу менен өз алдынчалыкка ээ болгон, же болбосо ошол мезгилде түзүлүп жаткан өлкөлөрдүн катарында кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруунун башатында турган Абдыкерим Сыдыков, Эшенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу жана башка көптөгөн кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын эмгеги элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.

Алардын бизге калтырган таберигин – мамлекеттүүлүгүбүздү, эгемендикти көздүн карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүп берүү – ар бир кыргызстандыктын эң негизги милдети экенин эсибизден чыгарбашыбыз зарыл!» — деди мамлекет башчысы.

Айта кетсек, 7-8-ноябрь Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет. Буга чейинки Октябрь революциясы күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө үчүн 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев мыйзам сунуштап, аны Жогорку Кеңеш колдоп берген. Президент сунуштаган долбоордо мыйзам 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине калыс тарыхый баа берүү максатын көздөй турганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM