Биз менен байланышыңыз

Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке кайрылды

Кыска кабар | 6 Ноя 2022 | 621 | 1

Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу кармалган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Ал өз кайрылуусун Тенгиз Бөлтүрүктүн Фейсбук баракчасынан жарыялады.

Ильмира Алпысбаева өз кайырлуусунда  президенттен Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарууга жардам берүүнү суранган. Анын айтымында, Теңгиз Бөлтүрүктүн ден соолугунун абалы оор.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, жолдошумда үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздөрдү суранам. Анын ден соолугунун абалы оор. Аны мындай абалда кармоого болбойт. Мен аны жоготуп алуудан корком. Мен ал үчүн жанымды берүүгө даярмын, бирок анын өмүрүн сактап калууга жардам бериңиз. Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качып кетүү жөнүндө бир дагы оюу болгон эмес. Ал катуу кансырап жатат, жүрөгү ооруйт жана кан басымы бар. Ал жүрөк оорусун бизден жашырып келген. Болгону жолдошумдун өмүрүн сактап калууну каалайбыз» , — деп жазылат кайрылуусунда.

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын карап, 10-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу кармалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кумтөрдөгү коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген.

Быйыл 24-августта «Кумтөрдү» буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилген.

2021-жылы май айында Кыргызстан алтын кенге сырткы башкарууну киргизип, кенди өзүнө өткөрүп алуу аракеттерин баштаган. Анын башына Теңгиз Бөлтүрүк келген.

1 пикир

1 пикир

  1. Чрлпон

    07.11.2022 15:56

    Ооба,Тенгиз байкенин аялы,женебизге кыйын болуптур,эч аялдын башына салбасын да.Мындан аркы тагдыры падышабыз Садыр Жапаров аркылуу гана чечилет деп ойлойм.ТенБолтурук байке ишеничти актай албады окшойт,хитрый болом деп аягында аялын эле кыйнап алды. Жаль.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM