Биз менен байланышыңыз

Журналист Санрабия Сатыбалдиева бошотулду

Кыска кабар | 5 Ноя 2022 | 515 | 0

Журналист Санрабия Сатыбалдиева «эч жакка кетпөө» шарты менен 4-ноябрда бошотулду. Мындай чечимди тергөөчү чыгарган. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазды.

Журналист Санрабия Сатыбалдиева учурда республикалык ооруканада дарыланууда. Ага боюнан түшүп калуу коркунучу бар деген диагноз коюлган.

Ал 4-ноябрга караган түнү милиция тарабынан кармалган. Анын 2 жашар кызы бар жана учурда кош бойлуу.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 4-ноябрда маалымат таратып, журналист «опузалап талап кылуу» фактысы боюнча шектелип, кармалганын билдирген.

Сатыбалдиева айыптоолорду моюнуна албай четке каккан.

Кош бойлуу журналисттин кармалышынын чоо-жайы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM