Биз менен байланышыңыз

Көмүрдүн күлү жаратылышка жылына 50 млрд доллар зыян келтирет

Коом | 5 Ноя 2022 | 749 | 0

“Мув Грин” кыймылы Дека Групп мекемеси менен биргеликте көмүрдүн күлүн айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизбей тургандай кылып аны жок кылуу боюнча изилдөө жүргүзүшкөн. 4 ай бою жүргүзүлгөн анализде көмүрдүн күлүнүн зыяндуулугу, адамга жана айлана-чөйрөгө тийгизе турган кесепеттери, мамлекет жана жарандар аны пайдалуу нерселерге жумшоого болору аныкталган. Күл адамдын кайсы ооруларын козгойт жана аны кантип туура жок кылуу керектиги туурасында адистердин пикирлерин чогулттук. 

Изилдөөнүн алкагында Бишкек шаарында көмүр күлүнүн эки булагы аныкталды. Биринчиси – ЖЭБ. Анда эки булагы бар: Бакай-Ата конушунда жана Восток айылында. Аталган жерлерде жергиликтүү тургундар жашайт. Күлдүн булактары алардын ден соолугуна өтө терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу “Мув Грин” экологиялык кыймылынын абанын сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлордун координатору Ажар Байсалова белгиледи. Мындан сырткары ал күл көмүр жагылып жаткан турак жайлардан чыгарын айтты.

“Күлдүн экинчи булагы — турак жайлар. Жеке үйлөр үйдү жылытуу үчүн көмүр жагышат. Андан кийин тургундар күлдү үйдүн айланасына ыргытышат же таштанды полигонуна алып барышат. Күл үйдө калганда – анын майда топурактары абада учуп, жашоочулардын ден соолугуна, жердин түшүмдүүлүгүнө жана жер астындагы сууга терс таасирин тийгизет. Ал эми күлдү полигонго жеткиргенде, анда күйүп бүтпөгөн көмүрдүн бөлүкчөлөрү бар, алар болсо санитардык полигондо тутануунун булагы болуп саналат.”

Бишкек Жылуулук электр борбору жылына 240 миң тонна, ал эми жеке сектор жылына 100 миң тонна күл чыгарат.

Калаанын тургундары күз-кыш мезгилинде үйлөрдү жылытуу үчүн көмүр жагышат. Газ менен жылыткандардын саны аз. Көмүр менен жагылган үйлөрдөн 50%га чейин күл чыгат. Бул тууралуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Бакыт Боркоев айтып берди. Анын билдиришинче күл таштанды эмес, бул — баалуу чийки зат. Ал химиялык зат катары керектүү материал болуп саналат.

“Күлдү пайдалана турган тармактары көп: цемент, бетон, курулуш мтериалдарын, кышты (кирпич), калама (облицовочный материал) алганда пайдаланса болот. Мындан сырткары, мүмкүнчүлүккө жараша күлдү ар бир элементин бөлүп алып, комплекстүү колдонсо болот. Мындай практика өнүккөн өлкөлөрдө кеңири колдонулууда. Бизде күлдүн колдонуусү төмөн болуп жатат. Ал эми чет өлкөлөрдө аны колдонуу пайызы жогору”.

Ал эми “Дека Групп” мекемесинин эксперти Дарика Вильданова көмүр күлүн кайра иштетүү керектигин белгиледи. Ал жогоруда аталган маселелердин чечүү жолдорун айтты.

“Маселени чечүүнүн бир нече жолу бар. Биринчиси, баа боюнча изилдөө жүргүзүү зарыл. Бул күлдү кайра иштетүүгө бардык кызыкдар тараптарга пайдалуу болушу үчүн керек. Мисалы: күлдүн ар бир тоннасын кайра иштетүү үчүн жеңилдетилген салыктар же башка кошумча акчалай кызматтар чегерилиши жакшы натыйжа берет. Экинсиден, жеке секторду кызыктыруу керек. Тургундарга түшүндүрүү жана маалымдоо иш чараларды уюштуруу шарт.”

Колдонулган көмүрдүн бир тоннасы айлана-чөйрөгө жыл сайын 21 доллар зыян келтирет. Жылына Кыргызстандын жаратылышына келтирилген зыян 50 млрд доллар болуп эсептелет.

Учурда Бишкек ЖЭБнин күл ташында 1,6 миллион тоннадан ашык күл топтолгон. Ал 193 гектардан ашык түшүмдүү жерди ээлейт. Жыл сайын топтоо интенсивдүү өсүүдө.

Бүгүнкү күндө көмүр күлүн кабыл алып кайра иштете турган ишканалар жок. Адистердин айтымында тиешелүү мекемелер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө жана кийинки жылы мындай ишканалардын иштей башташы пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM