Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Кемпир-Абад боюнча кармалгандарга байланыштуу президентке кайрылды

Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 402 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге жана депутаттарга Башкы прокурор Курманкул Зулушевге Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетин түзгөндүгү үчүн кармалган жарандардын укуктарынын сакталышы боюнча өткөрүлгөн мониторингтин жыйынтыктарын жиберди. Бул тууралуу Омбудсмен Институтунун маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле өлкөнүн акыйкатчысы төмөнкүлөрдү суранган:

  1. Сөз, ой эркиндигин, саясий плюрализмди мамлекетте баардык адамдарга кайсы бир позициясына карабай ишке ашуусуна шарт түзүүнү;
  2. Убактылуу кармоочу жайлардагы бардык шектүүлөргө Конституцияны, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын, Бангкок эрежелерин, Кылмыш-Жаза Процессуалдык кодексинин талаптары менен кепилдиктеринин так сакталышы менен бөгөт коюу чараларын кайра каралып чыгышын;
  3. Күнөөсүздүк презумпциясын, сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарынын ачыкка чыгарылышы ким тараптан болгондугу аныкталып, жоопкерчиликке тартылышын;
  4. Тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун, соттордун иштин жыйынтыгына алдын ала ынанымдын же жеке кызыкчылыктардын таасиринде болбоого, каралып жаткан конкреттүү кылмыш ишине карата бир тараптуу болбоого же бир тараптын кызыкчылыктары үчүн экинчи тарапка зыян келтирүүчү негизсиз аракеттерди көрбөөгө кепилдик кылган шарттарды камсыз кылууну;
  5. Баяндамада көрсөтүлгөн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тараптан адам укуктарынын бузулушуна укуктук баа берүү менен жоопкерчиликке тартууну суранды.

Баяндама толугу менен

Copyright © 2017 Maral FM