Биз менен байланышыңыз

Журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыкты

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 403 | 0
Сүрөт социалдык тармактан алынды

Журналист, жарандык активист Семетей Талас уулу соттун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда журналисттин иши каралып, баш коргоо чарасы аныкталды.

«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 3-ноябрдагы токтомуна ылайык, айыпталуучу Т. уулу С.га карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2022-жылдын 7-декабрь күнүнө чейин тандалды», — деп айтылат соттун маалыматында.

1-ноябрда журналист ИИМге суракка чакырылган. Ал Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») боюнча козголгон кылмыш иши алкагында 48 саатка камакка алынган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 2022-жылдын 18-февралында Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алынып, өзүн кармап кетишкен.

Кийин УКМКга күбө катары алып барылганы, ага экстремизмдин элементтери бар билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү себеп болгону айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM