Биз менен байланышыңыз

Бутту кайчылаштырып отурууга болбойт. Катардын күйөрмандар үчүн киргизген эрежелери

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 674 | 0

Катарда өтүүчү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын уюштуруу комитети күйөрмандар үчүн өлкөдөгү жүрүм-турум эрежелерин жарыялады. 16 барактан турган документ бардык күйөрмандарга тиешелүү.

Дүйнөлүк чемпионатты көрүүгө келген күйөрмандарга жергиликтүү тургундар менен учурашууда аялдар менен кол алышуу сунушталбайт. Кучактап көрүшүүгө тыюу салынат. Ал эми конокко чакырылган учурда, алгач улуу жана жогорку даражалуу адамдар менен саламдашуу зарыл. Ал эми жаш балдарды башынан сылап коюу — эркелетүү жана бата берүү катары эсептелет.

Эрежелердин экинчи бөлүгү – коомдук жайлардагы жүрүм-турум эрежелери. Ал жактан сизге бирөө бир буюм берсе оң колуңуз менен алышыңыз керек. Анткени сол кол жеке гигиена үчүн колдонулат. Мындан тышкары бутту кайчылаштырып отуруу сунушталбайт — бул кемсинтүү катары каралат.

Үчүнчү бөлүгү диний маселелерге байланыштуу. Өлкөгө келген зыяратчылардан күнүнө беш маал азан чакырылып жатканда музыканы катуу чыгарууга тыюу салынат.
Кыздар үчүн жеңи жок көйнөк, кыска көйнөк же юбка кийүүгө тыюу салынат. Мечиттерге барганда денесин толук жапкан кийим кийүү зарыл. Эркектерге тизесин жаап турган кыска шым кийүүгө уруксат берилет. Тар джинсы шым, спорттук шорты кийбөө сунушталат.

Дүйнө чемпиондугу 2022-жылдын 20-ноябрынан 18-декабрына чейин өтөт. Эл аралык футбол федерациясынын чечими менен Орусия курамасы турнирге катышпайт.

Катар-2022: Дүйнө чемпионаты өтө турган стадиондорго саякат (сүрөт)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM