Биз менен байланышыңыз

Руслан Бекназаров үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 2 Ноя 2022 | 179 | 0

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасы каралып, ал үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 2-нобярда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Айыпталуучуга карата 12-декабрга чейин тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Руслан Бекназаров Бишкек мэриясынын Свердлов административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча айыпталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM