Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасы каралып, ал үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 2-нобярда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Айыпталуучуга карата 12-декабрга чейин тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлдү.
Руслан Бекназаров Бишкек мэриясынын Свердлов административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча айыпталган.