Биз менен байланышыңыз

Президент маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен  куттуктады

Кыска кабар | 2 Ноя 2022 | 407 | 0

Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен  куттуктады. Жапаров кыргыз эли музыка, сүрөт-скульптура, театр-кино, көркөм бий, адабият тармагынан дүйнөгө көптөгөн чыгаандарды чыгарганын белгиледи.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан Кыргызстанда искусствону жана маданиятты сактап, өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан бул тармактын кызматкерлеринин эмгек маянасы 100%га чейин көтөрүлүп, өзгөчө көңүл бурулууда.

«Улуттук маданиятыбыздын унутта калтырбай, аны андан ары өнүктүрүп, заман агымына жараша улам жаңы-жаңы ачылыштарды жасап келе жаткан искусствонун бардык тармактарынын – музыкалык искусство, аспаптык аткаруучулук, вокалдык искусство, театр искусствосу, балет, көркөм сүрөт искусствосу жана кол өнөрчүлүк жана башка маданият чөйрөсүндөгү кызматкерлерге ыраазычылык билдиргим келет» , — деп айтылат куттуктоодо.

Маданият кызматкерлери үчүн салынып жаткан үйлөр быйыл бүтөт

Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү максатында 1995-жылы өкмөттүн токтому менен маданият кызматкерлеринин күнү бекитилген. Анын максаты кыргыз элинин маданий жана тарыхый мурастарын жайылтуу.

2020-жылы маданият жана искусство чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин саны болжол менен 9 миң адамды түздү, алардын 57 %ы аялдар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM